# 65-берене. Салык милдеттенмеси

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 65-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-65

---

1. Салык милдеттенмеси деп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген жагдайлар болгон учурда салык тɵлɵɵгɵ салык төлөөчүнүн милдети саналат.

2. Салык милдеттенмеси акчалай милдеттенме болуп саналат.

3. Салык кызматынын органдары салык төлөөчүдөн ал салык милдеттенмелерин аткаруусун талап кылууга милдеттүү.

4. Салык милдеттенмесин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда салык органдары аны камсыз кылуу боюнча ыкмаларды жана ушул Кодексте белгиленген тартипте салык милдеттенмесин мажбурлап аткартуу чараларын колдонууга укуктуу.

5. Салык кызматынын органдарына салык төлөөчүдөн салыктык милдеттенменин суммасынан ашык акчалай каражаттарды төлөөнү талап кылууга тыюу салынат.

2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-64)  
Кийинки берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-66)
