# 64-берене. Салыктык сыр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=44293..45757>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-64>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-64.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 64-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-64

---

1. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, салык кызматынын органы, Маркалоо оператору, Навигациялык пломбанын улуттук оператору же алардын кызмат адамдары алган салык төлөөчү жөнүндө кандай болбосун маалыматтар салык сырын түзөт, буга төмөнкүдөй маалыматтар кирбейт:

1) салык төлөөчүнүн реквизиттери (аталышы же фамилиясы, аты, ИСН, ОКПО коду, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүнүн каттоо номери) жөнүндө, салыктык каттоо фактысы жана статусу, салык режиминде колдонулуучу иштин түрлөрү жана салыктын ставкасы жөнүндө;

2) эсеп-фактуралар, акциз жыйымынын маркалары жана идентификациялоо каражаттары жөнүндө;

3) салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын суммасы жөнүндө;

31) салык карызынын бар же жок болуусу жөнүндө;

4) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын салык төлөөчүнүн бузуусу жана мындай бузуулар үчүн соттун күчүнө кирген чечими менен белгиленген, же болбосо салык төлөөчү тааныган жоопкерчилик чаралары жөнүндө;

5) юридикалык жактар тарабынан иш жүзүндө мамлекеттик бюджеттин пайдасына жүргүзүлгөн салыктык төлөмдөр жөнүндө.

6) ушул Кодекстин 60-беренесинин 1-бөлүгүнүн 23-пунктуна ылайык жарыялангандар;

7) (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8) салык төлөөчүгө берилген патенттер жөнүндө;

9) салык төлөөчүнүн чыгуусун чектөө жөнүндө.

2. Салыктык сыр салык кызматынын органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан ачыкка чыгарылууга тийиш эмес, буга маалыматтар төмөнкүлөргө берилген учурлар кирбейт:

1) өздөрүнүн ушул Кодексте же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө же аткаруу максатында салык кызматынын органдарынын, бажы органдарынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башка кызмат адамдарына;

2) салыктык укук бузуулардын фактысы боюнча кылмыш иши козголгон салык төлөөчүгө карата гана укук коргоо органдарына;

3) салыктык укук бузуулар үчүн салык төлөөчүнүн салыктык карыздарын же анын жоопкерчилигин белгилөө боюнча соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сотко;

4) банкроттук процесси козголгон же банкроттук процессин демилгелөө жөнүндө чечим чыгарылган субъекттер боюнча банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында банкроттук жөнүндө иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, администраторго (убактылуу администраторго, атайын администраторго, консерваторго, тышкы башкаруучуга);

5) ушул Кодекстин 107-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жак бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу боюнча табылган бузуулар жагынан Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына;

6) алардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда Жогорку Кеңештин депутаттарына, Президенттин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына;

7) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган салык же укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттердин салык жана укук коргоо органдарына;

71) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же Министрлер Кабинети тарабынан маалыматтар менен алмашуу жөнүндө жоболорду караштырган бир же бир нече мамлекеттер менен түзүлгөн макулдашууларга ылайык башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган статистикалык ишти жүзөгө ашыруу максатында статистика органдарына;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык квалификациялуу юридикалык жардам үчүн кайрылган адамдарга карата мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;

10) салыктык укук бузуу фактысы боюнча салык кызматынын органдары менен бирге сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырган тергөөчүгө же тергөө органына.

11) ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутумун иштеп чыгууну, коштоону же өркүндөтүүнү жүзөгө ашыруучу уюмдарга;

12) мүлккө эсептелген жана төлөнгөн салыктын суммалары бөлүгүндө кыймылсыз мүлккө укукту мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;

13) салык төлөөчү тарабынан таанылган салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды аткарууну камсыз кылуу жөнүндө билдирүүнү аткаруу максатында соттук аткаруучуларга;

Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамы менен берилген берененин 2-бөлүгүнүн 13-пунктуна киргизилген өзгөртүүлөр, 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

14) бюджетти болжолдоодо жана аткарууда пайдаланылуучу маалыматтар бөлүгүндө бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органга.

15) утилдештирүү жыйымын чогултуу жана башкаруу үчүн пайдаланылуучу маалыматтар бөлүгүндө өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилик операторуна;

16) чет өлкөлүк жарандарга тийиштүү маалыматтар бөлүгүндө тышкы миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.

3. Маркалоо оператору, навигациялык пломбанын улуттук оператору салыктык сырды камтыган маалыматтарды салык кызматынын органдарына гана берет.

4. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, салык төлөөчүгө тиешелүү салыктык сырды түзгөн маалыматты кагаз түрүндөгү документ же электрондук документ түрүндө берилген салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен башка жакка ачууга болот.

Салык төлөөчүнүн ушул бөлүктө каралган анын салыктык сырын башка жакка ачууга макулдугу салык төлөөчү тарабынан салык кызматынын органына же башка ушундай жакка берилет. Эгерде салык төлөөчүнүн салыктык сырды ачууга макулдугу салык кызматынын органына башка жак аркылуу берилсе, анда анын аныктыгы үчүн жоопкерчилик ошол башка жакка жүктөлөт.

5. Ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо, салыктык сырды ачыкка чыгаруу деп мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына, Маркалоо операторуна жана навигациялык пломбанын улуттук операторуна өз милдеттерин аткаруу учурунда белгилүү болгон салык төлөөчү жөнүндө маалыматты пайдалануу же башка субъектке берүү саналат.

6. Салык кызматынын органына, Маркалоо операторуна жана навигациялык пломбанын улуттук операторуна келип түшкөн, салыктык сырды түзгөн маалыматтар сактоонун жана жеткиликтүүлүктүн атайын режиминде болууга тийиш, ал салык кызматынын органынын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү чечими менен аныкталат.

7. Салыктык сырды түзүүчү маалыматтарга салык кызматынын органынын, Маркалоо операторунун жана навигациялык пломбанын улуттук операторунун жетекчилеринин жазуу жүзүндөгү чечими менен аныкталуучу кызмат адамы жеткиликтүү болууга тийиш. Бул кызмат адамдарынын жеткиликтүүлүккө укугу салыктык текшерүү жүргүзүүгɵ жазма буйрукта да көрсөтүлөт.

8. Салык кызматынын органдары, Маркалоо оператору, навигациялык пломбанын улуттук оператору жана алардын кызмат адамдары, ошондой эле мурда салык кызмат органдарынын кызмат адамдары болуп саналган адамдар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда салык төлөөчү жагынан алган ар кандай маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү.

9. Салыктык сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн бул маалыматтар кесиптик же кызматтык ишине байланыштуу белгилүү болгон адам салык төлөөчүгө келтирилген зыянды толук төлөп берүүгө, ошондой эле башка компенсацияны төлөɵгө милдеттүү.

Салыктык сырды түзгөн маалыматтарды мыйзамсыз алуу зыянга алып келген учурда, бул маалыматтарды мыйзамсыз алган адам салык төлөөчүгө келтирилген зыянды толук төлөп берүүгө, ошондой эле башка компенсацияны төлөп берүүгө милдеттүү. Салыктык сырды түзгөн маалыматтарды мыйзамсыз алуу зыянга алып келбеген учурда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана/же укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

10. Ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик органдарга салык кызматынын органдарынан, Маркалоо операторунан жана навигациялык пломбанын улуттук операторунан салык сырын түзгөн маалыматтарды жана документтерди талап кылууга тыюу салынат.

11. Мамлекеттик органдардын ушул берененин 10-бөлүгүнүн талаптарын бузган кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-63)  
Кийинки берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-65)
