# 63-берене. Кызыкчылыктардын кагылышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 63-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-63

---

1. Салык кызматынын органынын кызмат адамына салык төлөөчүгө карата кызматтык милдеттерин жүзөгө ашырууга төмөнкүдөй учурда тыюу салынат:

1) эгерде салык төлөөчү ошол кызмат адамына жакын тууган болуп саналса; же

2) эгерде бул кызмат адамынын же ушул кызмат адамынын жакын тууганынын салык төлөөчүнүн экономикалык иш-аракетине же анын салык милдеттенмелеринин аткарылышына байланыштуу түздөн-түз же кыйыр финансылык кызыкчылыгы болсо.

2. Салык кызматынын органынын кызмат адамы өз ишинде кызыкчылыктардын кагылышуусунун келип чыгышына жол бербөө үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [62-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-62-1)  
Кийинки берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-64)
