# 62-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-62>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-62.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 62-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-62

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары аларга тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда төмөнкүлөргө укуктуу:

1) ушул Кодекстин XIII бөлүмүндө жана 56-главасында каралган салыктарды чогултууну жүзөгө ашырууга;

2) эгерде ушул пунктта башкасы каралбаса, ушул Кодекстин 109-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-5-пункттарына ылайык салык контролун жүргүзүүгө;

3) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында табылган бузууларды четтетүүнү талап кылууга жана көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышын контролдоого;

4) салык салынуучу объекттерге жана ушул Кодекстин XIII бөлүмүндө каралган салыктар боюнча салыктык милдеттенмелерди эсептөөгө байланышкан маалыматтарды салык кызматынын органдарынан жана башка мамлекеттик органдардан алууга;

5) ушул Кодексте аныкталган тартипте салык контролун жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө салык төлөөчүдөн документтердин көчүрмөлөрүн алууга;

6) мыйзамдарга ылайык материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүүгө, ошондой эле сотко доолорду берүүгө.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын сактоого рейддик салык контролун жүргүзөт.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары салыктык контролду жүзөгө ашырууда тиешелүү мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда салык төлөөчүдөн ушул Кодекстин XIII бөлүмүндө жана 56-главасында каралган салыктарды төлөө боюнча документтерди көрсөтүүнү талап кылууга укуктуу.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тиешелүү мамлекеттик ыйгарым укуктар аларга берилген учурда төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) салык төлөөчүнүн укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын сактоого;

2) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоого жана салык төлөөчүлөрдөн анын аткарылышын талап кылууга;

3) салык төлөөчүлөр салыктык милдеттенмелерин аткаруусунда аларга көмөк көрсөтүүгө;

4) ушул Кодекстин 85 жана 86-беренелерине ылайык салык милдеттенмесинин аткарылышын камсыз кылуу ыкмаларын колдонууга;

5) ушул Кодекстин XIII бөлүмүндө жана 56-главасында каралган салыктар боюнча салык милдеттенмесин аткарууга салык контролун жүзөгө ашырууга;

6) рейддик салык контролун жүргүзүүдө ушул Кодекстин 127-беренесинин 3-6-бөлүктөрүн, 132-134-беренелерин жетекчиликке алууга;

7) салык контролунун формаларын инспектордук текшерүүлөр китебине каттоого;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу кызматтык, коммерциялык, салыктык, банктык жана башка сырларды сактоого;

9) салыктык милдеттенмелердин аткарылгандыгынын фактысын ырастоочу документтердин 6 жыл бою сакталышын камсыз кылууга;

10) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө эсептелген жана келип түшкөн салыктардын суммалары жөнүндө отчетторду салык органына берүүгө;

11) салык төлөөчүлөрдү эсепке алууда салык кызматынын органдарына көмөк көрсөтүүгө.

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул берененин 1-бөлүгү менен белгиленген берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-61)  
Кийинки берене: [62-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-62-1)
