# 601-берене. Салык кызматынын органдары тарабынан колдонулуучу тобокелдиктерди башкаруу тутуму

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286441..1286442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-601>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-601.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 601-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-601

---

1. Тобокелдиктерди башкаруу тутуму тобокелдиктердин даражасына (деңгээлине) баа берүүгө негизделген жана тобокелдикти аныктоо жана алдын алуу максатында салык органдары тарабынан иштелип чыгуучу жана/же колдонулуучу ча-раларды камтыйт.

2. Салык төлөөчү тарабынан салык милдеттенмесинин аткарылбай калуусу жана/же толук эмес аткаруу ыктымалдуулугу тобокелдик болуп саналат.

3. Тобокелдиктердин даражасына (деңгээлине) баа берүүгө салык төлөөчүлөр тарабынан берилген салык отчетторундагы маалыматтарды, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан, уюмдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган маалыматтарды, ошондой эле салык төлөөчүнүн иши жөнүндө башка документтерди жана/же маалыматтарды талдоонун негизинде жүзөгө ашырылат.

4. Тобокелдиктерди башкаруу тутуму ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутумун колдонуу менен жүзөгө ашырылат.

5. Тобокелдиктин даражасына (деңгээлине) баа берүү жүргүзүлүүчү белгилердин жыйындысы тобокелдиктин критерийлери болуп саналат.

Тобокелдиктин критерийлери жана тобокелдиктерди башкаруу тутумун колдонуунун тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-60)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-61)
