# 60-берене. Салык кызматынын органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 60-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-60

---

1. Салык кызматынын органдары жана анын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) салык төлөөчүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;

2) жеке жактардын активдерин ыктыярдуу декларациялоо жана мунапыс берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген декларацияны изилдөө процессинде алынган маалыматты декларация субъектине каршы колдонбоого жана ачыкка чыгарбоого;

Көңүл буруңуздар! Берилген беренеге КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги N 78 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" КР Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

3) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоого жана салык төлөөчүлөрдөн аны аткарууну талап кылууга;

4) салык төлөөчүгө ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайты аркылуу белгиленген салык отчеттуулугунун формаларын, аларды толтуруу тартибин, салык органына аларды берүүнүн ыкмасын жана мөөнөттөрүн жеткирүүгө;

5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган учурларда салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү суроо-талабына жооп берүүгө;

6) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын аткарылышына салыктык контролду жүзөгө ашырууга;

7) салык төлөөчүлөрдүн, салык салуу объекттеринин, эсептелген жана төлөнгөн салыктардын эсебин жүргүзүүгө;

8) эгерде ушул Кодексте башкасы каралбаса, салык кызматынын органдары тарабынан берилген учурда бюджеттик каражаттардын эсебинен салык отчеттуулугунун белгиленген формаларынын бланктарын берүүгө;

9) белгиленген салык отчеттуулугунун формаларын толтуруу тартибин түшүндүрүп берүүгө;

10) салыктык текшерүүнү жазма буйрук боюнча гана жүргүзүүгө;

11) салыктык текшерүүлөрдү жана салыктык контролдун башка формаларын инспектордук текшерүүлөр китебине каттоого;

12) пландан тышкары көчмө, утурлама текшерүү же кайра текшерүү жүргүзүүдө салык төлөөчүнү контролду дайындоо үчүн негиз болгон салыкты туура эмес эсептөө фактылары жөнүндө күбөлөндүрүүчү тастыктоочу документтер менен тааныштырууга;

13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу кызматтык, коммерциялык, салыктык, банктык жана башка жашыруун сырды сактоого;

14) ушул Кодексте каралган мөөнөттөрдө жана учурларда салыктык милдеттерди аткаруу жөнүндө чечимди салык төлөөчүгө тапшырууга;

15) салык төлөөчүнүн суроо-талабы боюнча аны алган күндөн кийинки күндөн тартып 2 жумушчу күндөн кечиктирбестен төмөнкүлөрдү берүүгө:

а) салык төлөөчүнүн жеке эсебинин абалы жөнүндө документти;

б) ушул Кодексте белгиленген учурларда салык төлөөчүгө жана/же анын салык милдеттенмесине карата кабыл алынган салык кызматынын органынын чечимин жана башка документтерин;

в) пландан тышкары көчмө, утурлама текшерүү же кайра текшерүүнү дайындоо үчүн негиз болгон салыктарды туура эмес эсептөө фактылары тууралуу күбөлөндүргөн ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн;

г) салык кызматынын тиешелүү органынын жетекчисинин же ал тарабынан ыйгарым укук берилген адамдын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу берилген салык кызматынын органдарынын документтеринин көчүрмөлөрүн;

16) салык милдеттенмелерин аткаруу фактысын тастыктоочу документтердин 6 жыл бою сакталышын камсыз кылууга;

17) салык милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуунун ыкмаларын ушул Кодексте белгиленген тартипте колдонууга;

18) салык төлөөчүгө ушул Кодексте белгиленген талаптарга ылайык салык санкцияларын салууга, ошондой эле укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык санкцияларды колдонууга;

19) ушул Кодексте белгиленген тартипте салык төлөөчүлөрдүн даттанууларын кароого;

20) ушул Кодекстин 107-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жактарды жана алар берген декларацияларды эсепке алууну жүргүзүүгө;

21) ушул Кодекстин 107-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жактардын кирешелери, чыгашалары, мүлкү жана милдеттенмелери тууралуу маалыматтын ишенимдүү жана толук чагылдырылышы жагынан декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды изилдөөгө жана талдоого;

22) ушул Кодекстин 107-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жактар декларацияларды беришинин жыйынтыктары тууралуу Президентке, Жогорку Кеңешке жана Министрлер Кабинетине маалыматты жыл сайын, 1-октябрга чейин берүүгө;

23) ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтына иши жашыруун мүнөзгө жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууга байланышкан аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кошпогондо, саясий, атайын, жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын, саясий жана жогорку административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген же ээлеп турган жактардын, мамлекеттик үлүшү бар юридикалык жактардын жетекчилеринин жана орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөлөрүнүн, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтарды жарыялоого;

24) ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтында КНС төлөөчүлөр тууралуу маалыматты жайгаштыруу аркылуу бул маалыматка эркин жетүүнү камсыз кылууга, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:

а) КНС төлөөчүнүн толук аталышын, ИСН;

б) жараксыз деп таанылган эсеп-фактуранын реквизиттерин;

в) төмөнкү салык төлөөчүлөр жөнүндө маалыматтар:

- патенттин же өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын негизинде иш жүргүзүүчү, ошондой эле ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында, 6, 8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн;

- электрондук эсеп-фактура жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз боюнча маалыматтык системаларда катталган;

25) салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнүн жана жакшыртуунун эсебинен, анын ичинде аралык форматына өтүү жолу менен салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгɵ;

26) салык төлөөчүгө Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары чыгууга чектөө тууралуу сот актысынын көчүрмөсүн, ошол эле учурда ушул актыны мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүүгө.

2. Салык кызматынын органдары ыйгарым укуктуу салыктык органдын ачык маалыматтык веб-сайтына салык кызматынын органдарынын иштери тууралуу отчетту отчеттук календардык жылдан кийинки жылдын биринчи августуна чейин жарыялоого милдеттүү. Бул отчет отчеттук календардык жыл үчүн төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:

1) салык органдары чогулткан салыктардын аталышын жана суммаларын;

2) салык карыздарынын суммаларын;

3) салыктарды чогултуу процессинде салык органдары тарткан чыгымдарды;

4) салык карызын төлөө боюнча берилген салык жеңилдиктери, кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөөлөр боюнча статистикалык маалыматтарды;

5) салык кызматынын органдарынын ишиндеги жетишкендиктерди жана кемчиликтерди сыпаттоону;

6) салык карызынын өлчөмүн көрсөтүү менен 5000 эсептик көрсөткүчтөн ашкан өлчөмдөгү салык карызы бар деп таанылган жеке жактардын фамилияларынын жана ысымдарынын, уюмдардын аталыштарынын тизмесин.

3. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3-1. Салык кызматынын органдары салык төлөөчүлөрдү ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалымат тутуму аркылуу категориялаштырууну (аларды статистикалык/математикалык моделдерди пайдалануу менен сегменттөөнү) караган салык төлөөчүлөрдүн рейтингин түзөт. Салык төлөөчүлөрдүн рейтингин түзүү тартиби, ошондой эле салык төлөөчүлөрдү рейтингге ылайык администрациялоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

4. Эгерде көчмө текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча түзүлгөн, салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын өлчөмү кылмыш-жаза жоопкерчилиги баштала турган чектен ашып кетсе, салык кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык мыйзамдарында аныкталган тартипте сотко чейинки өндүрүштү баштайт.

5. Салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган башка милдеттерди да аткарат.

Укук коргоо иши бөлүгүндө салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинде жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамдарында каралган милдеттерди аткарат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-59)  
Кийинки берене: [601-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-601)
