# 59-берене. Салык кызматынын органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-59>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-59.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 59-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-59

---

1. Салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:

1) ушул Кодексте белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана салык отчеттуулугунун жана документтердин формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүүгө;

2) ушул Кодексте белгиленген тартипте салык контролун жүзөгө ашырууга;

3) эгерде ушул Кодексте башкасы белгиленбесе, салык контролун жүзөгө ашырууда салык төлөөчүдөн бюджетке салыктарды эсептөө, кармоо жана төлөө боюнча документтерди берүүнү талап кылууга;

4) эгерде ушул Кодексте башкасы белгиленбесе, салык контролун жүзөгө ашырууда салык төлөөчүдөн салыктарды эсептөө, кармоо жана төлөө боюнча документтерди, ошондой эле салыктарды эсептөөнүн тууралыгын, өз учурунда кармоону жана төлөөнү ырастоочу документтерди толтуруу боюнча түшүндүрмөлөрдү талап кылууга;

5) эгерде ушул Кодексте башкасы белгиленбесе, салык контролун жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө ушул Кодексте аныкталган тартипте салык төлөөчүдөн документтердин көчүрмөлөрүн алууга;

6) салык контролун толук жүргүзүү үчүн мааниге ээ болгон ар кандай аймактарды, жайларды, документтерди жана буюмдарды ушул Кодекске ылайык текшерүүнү жүргүзүүгө;

7) текшерилүүчү салык төлөөчүгө салык салууга байланыштуу маселелер боюнча ушул Кодексте белгиленген тартипте банктардан салык төлөөчүнүн банктык эсептеринин болушу жана номерлери жөнүндө, коммерциялык, банктык жана башка корголуучу жашыруун сырды түзүүчү маалыматтарды жарыялоого карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарын сактоо менен бул эсептердеги акчалардын калдыктары жана кыймылы жөнүндө маалыматтарды алууга;

8) электрондук түрдө кызмат көрсөткөн салык төлөөчүнү салыктык текшерүүнү жүргүзүүдө салык кызматынын органы мындай бүтүмдүн катышуучуларынан электрондук бүтүм жагынан маалыматты талап кылууга укуктуу;

9) ушул Кодексте каралган учурларда жана тартипте баалоонун кыйыр усулдарынын негизинде салык төлөөчүнүн салык милдеттемесин аныктоого;

10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча салык төлөөчүнү жоюу, анын ичинде мажбурлоо менен жоюу жөнүндө сотко доо арызын берүүгө;

11) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын аныкталган бузууларды четтетүүнү талап кылууга жана көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышын контролдоого;

12) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, базарлардын жана соода борборлорунун администрацияларынан салык салуу объекттерине байланышкан маалыматты талап кылууга жана алууга;

13) салыктарды чогултуу боюнча контролду жүзөгө ашырууга;

14) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле базарлардын жана соода борборлорунун администрациясынын ушул Кодекске ылайык берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча ишин контролдоого;

15) фискалдык программалык камсыз кылуунун ыйгарым укуктуу салык органы аныктоочу талаптарга ылайык келишине карата текшерүүгө жана салык контролун жүргүзүүдө анда сакталган маалыматтарды пайдаланууга;

16) Министрлер Кабинети аныктаган учурларда жана тартипте товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алып салууга;

17) салык контролун жүргүзүүдө ишти салык каттоосуз жана/же патенттин же өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын негизинде салыкты төлөбөстөн жүзөгө ашырган жана/же Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган товардык-материалдык баалуулуктарга баштапкы эсепке алуу документтери жок болгон учурда, салык төлөөчүнүн ишкердик иши менен байланышкан мүлк объекттерин мөөр басып бекитүүгө/пломбалоого;

18) салык кызматынын маалымат тутумунда салыктарды төлөбөөнүн тобокелдик факторлору жок болгон жана салык төлөөчү нөлдүк көрсөткүчтөр менен салык отчеттуулугун берген учурда уюмдун жоюлушуна же жеке ишкердин ишинин токтотулушуна байланыштуу салыктык каттоону жокко чыгарууда ушул Кодекске ылайык салык төлөөчүнү текшерүүнү жүргүзүүгө;

19) ушул Кодекстин 107-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жактын жана анын жакын туугандарынын кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалымат берүү тууралуу суроо-талапты мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга, чет мамлекетке, жарандарга жөнөтүүгө;

20) Кыргыз Республикасынын лотереялар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте шыктандыруучу лотереяларды өткөрүү боюнча иш-чараларды уюштуруу;

21) шыктандыруучу лотереянын байге фондун түзүү үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана аларды лотереянын жеңүүчүлөрүнө кайтарымсыз негизде өткөрүп берүү;

22) банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрих-коддун (QR-коддун) эки өлчөмдүү символдорун жана/же башка накталай эмес төлөм инструменттерин пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө арналган жабдуунун (программалык-техникалык түзүлүштүн) болушун жана колдонулушун, анын ичинде мындай жабдуунун катталуу фактысын контролдоо:

а) башка жакка; жана/же

б) ишкердик ишке байланышпаган жеке мүнөздөгү төлөмдөрдү жүргүзүүгө арналган субъекттин өзүнө;

23) Министрлер Кабинети аныктаган тартипте товарларды эсепке алуу пункттарында товарлардын жүгүртүлүшүн эсепке алууга жана байкоо жүргүзүүгө.

24) салык постун орнотуу жана товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу мезгилинде ишкердик объектине видео байкоо тутумун орнотууга.

2. Ушул Кодексте белгиленген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга да ээ.

Укук коргоо иши бөлүгүндө салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинде жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамдарында каралган укуктарга ээ.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-58)  
Кийинки берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-60)
