# 57-берене. Салык кызматынын органдарын финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 57-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-57

---

1. Салык кызматынын органдарынын чыгымдарын каржылоо, анын ичинде эмгек акы төлөө, материалдык-техникалык камсыз кылуу, кызматкерлерге материалдык жактан дем берүү, өткөн бюджеттик жыл үчүн салык кызматынын органдары тарабынан чогултулган салыктык каражаттардын, салыктык эмес кирешелердин суммасынын

3 пайыз өлчөмүндөгү каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт, аларды бөлүштүрүү жана колдонуу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан жыл сайын бекитилет, ошондой эле каржылоо максаттуу бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.

2. Атайын наамдар ыйгарылган салык кызматынын органдарынын кызмат адамдары Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте акысыз формалуу кийим менен камсыз болушат.

---

Мурунку берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-56)  
Кийинки берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-58)
