# 56-берене. Салык кызматынын органынын кызмат адамы. Кызмат өтөө жана атайын наамдарды ыйгаруу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 56-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-56

---

1. Салык кызматынын органынын кызмат адамы болуп ушул Кодексте белгиленген ыйгарым укуктарга ээ салык кызматынын органынын жетекчиси, кызматкери, ошондой эле салык кызматынын органдарынын административдик иш-милдеттерин аткарган кызматкери саналат.

2. Мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар адам же соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана/же башка кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар адам салык кызмат органынын кызмат адамы боло албайт.

Сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу салык кызматы органдарынын кызмат адамдарына укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар коюлат. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын салык кызматынын органдарында кызмат өтөөсү, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ушул Кодекске карама-каршы келбеген бөлүгүндө жөнгө салынат. 2-1. (КР 2024-жылдын 23-июлундагы N 136 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, салык кызматынын органынын кызмат адамына кызмат өтөө учурунда кызмат орундарынын топторунун жана категорияларынын чегинде ээлеген кызмат ордуна ылайык, ыйгаруу ырааттуулугун сактоо менен, ошондой эле мурдагы атайын наамдагы жана ээлеген мамлекеттик кызмат ордундагы мамлекеттик кызматта иштеген жылдарын эске алуу менен атайын наамдар ыйгарылат.

4. Биринчи атайын наам болуп "салык кызматынын кенже инспектору" деген наам саналат, ал салык кызматынын органдарынын тутумунда бир жылдан кем эмес иш стажы бар кызмат адамдарына ыйгарылат.

(Абзац КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 4-1. Салык органдарынын кызмат адамдарына чектүү атайын наамдар төмөнкүдөй тартипте ыйгарылат:

1) кенже кызмат орундарына - жогорулашы боюнча салык кызматынын 3 жана 2-рангдагы инспектору атайын наамдары;

2) улук кызмат орундарына:

а) түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине - салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчиси атайын наамы;

б) башка кызмат орундарына- салык кызматынын 1-рангдагы инспектору атайын наамы;

3) башкы кызмат орундарына:

а) салык органынын жетекчисине - салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси атайын наамдары;

б) салык органынын жетекчисинин орун басарына - салык кызматынын 2-рангдагы кеңешчиси атайын наамдары.

4-2. Ыйгарым укуктуу салык органынын кызмат адамдарына чектүү атайын наамдар төмөнкүдөй тартипте ыйгарылат:

1) кенже кызмат орундарына - жогорулашы боюнча салык кызматынын 2 жана 1-рангдагы инспектору атайын наамдары;

2) улук кызмат орундарына - салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчиси атайын наамы;

3) башкы кызмат орундарына - жогорулашы боюнча салык кызматынын 2 жана 1-рангдагы кеңешчиси атайын наамдары;

4) ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчисинин орун басарларына - салык кызматынын 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси атайын наамдары;

5) ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчисине - салык кызматынын 2-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси атайын наамы.

5. Салык кызматынын 1, 2 жана 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси атайын наамдарын ыйгаруу, ажыратуу, төмөндөтүү Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушу боюнча - Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент), калган атайын наамдар боюнча кызмат адамынын түздөн-түз жетекчисинин сунушу боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.

6. Кезектеги атайын наамды ыйгаруу үчүн ар бир атайын наамда болуу мөөнөтү тиешелүү буйрукка кол коюлган учурдан тартып төмөнкүлөрдү түзүүгө тийиш:

1) салык кызматынын кенже инспектору - 1 жыл;

2) салык кызматынын 3, 2 жана 1-рангдагы инспектору - тиешелүү түрдө 2, 3 жана 4 жыл;

3) салык кызматынын 3 жана 2-рангдагы кеңешчиси - тиешелүү түрдө 5 жана 6 жыл.

Салык кызматынын 2 жана 1-рангдагы кеңешчиси атайын наамдары ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчисинин чечими боюнча мурдагы атайын наамында жүргөн узактыгын эске албастан, ошондой эле салык кызматынын 1-рангындагы инспекторунан төмөн эмес атайын наамы болгон учурда ырааттуулукту сактабастан ыйгарылышы мүмкүн. Салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси, салык кызматынын 1, 2 жана 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси атайын наамдарында болуу мөөнөтү белгиленбейт.

7. Белгилүү бир мөөнөткө кабыл алынган, ошондой эле тартиптик жазасы бар же аларга карата кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан же кылмыш иши козголгон салык органдарынын кызмат адамдарына атайын наамдар ыйгарылбайт.

Салык кызматынын органынын кызмат адамы төмөнкүдөй учурларда атайын наамынан ажыратылышы мүмкүн:

- ага карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоочу өкүмү болгондо;

- мамлекеттик кызматчы наамына шек келтиргендигине байланыштуу кызматтан бошотулганда;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыраганда.

Салык кызматынын органынын кызмат адамы кызматтык милдеттерин одоно бузгандыгы, кадыр-баркына шек келтирген жосун жасагандыгы, ага жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн атайын наамынан, бирок андан төмөн бир атайын наамдан ашпаган наамга төмөндөтүлүшү мүмкүн, ошондой эле атайын наамдан ажыратылышы мүмкүн.

8. Салык кызматынын органынын жетекчиси атайын наамдагы кызмат өтөө мөөнөтү аяктагандан кийин кызмат адамдарына кезектеги атайын наамды ɵз учурунда берүү үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү, анын бузулушу жеке тартип жоопкерчилигине алып келет.

9. Салык кызматынын органынын кызмат адамына өзгөчө учурларда анын кесипкөй сапаттарын, мамлекеттик бийлик органдарындагы иш стажын эске алуу менен кызматтык милдеттерин аткаруудагы өзгөчө жетишкендиктери үчүн дем берүү катары кезектеги атайын наам бир жолу ыйгарылышы мүмкүн:

1) мөөнөтүнөн мурда, мурдагы наамдагы кызматынын мөөнөтү аяктаганга чейин бир жыл мурда, бирок ээлеген кызматына ылайык келген атайын наамдан жогору эмес;

2) атайын наамдагы кызматынын мөөнөтү аяктагандан кийин ээлеген кызматына ылайык келген атайын наамдан бир тепкичке жогору.

10. Салык кызматынын органынын илимий даражасы же илимий наамы бар кызмат адамына кезектеги атайын наам ээлеген кызматына ылайык келген атайын наамдан бир тепкич жогору берилет.

11. Аскердик же атайын наамдары, атайын класстык чендери, дипломатиялык рангдары, класстык чендери бар адамдарга салык кызматынын органдарына дайындалган учурда ушул аскердик же атайын наамга, атайын класстык ченге, дипломатиялык рангга, класстык ченге шайкеш келүүчү атайын наам ыйгарылат. Ыйгарылган атайын наам салык кызматынын органынын кызмат адамы башка мамлекеттик органга же башка мамлекеттик кызматка которулганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген катыш боюнча ушул Кодекске ылайык сакталып калат.

12. Атайын наамдын ыйгарылышы, төмөндөтүлүшү жана ажыратылышы жөнүндө маалыматтар салык кызматынын органынын кызмат адамынын өздүк ишине киргизилет жана кызматтык ырастамада көрсөтүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-55)  
Кийинки берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-57)
