# 55-берене. Салык кызматынын органдары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 55-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-55

---

1. Салык кызматынын органдары юридикалык жактын статусуна, өз алдынча чыгымдар сметасына, казыналык тутумундагы эсептерге, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өз аталышы бар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган мөөргө, фирмалык бланкка, бурч штампына ээ жана алар төмөнкүлɵрдөн турат:

1) ыйгарым укуктуу салык органынан;

2) салык органдарынан.

2. Салык кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен белгиленген компетенциянын чектеринде салыктык администрациялоону жүзөгө ашырышат, Кыргыз Республикасынын салык саясатын ишке ашырууга катышат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза-процессуалдык мыйзамдарына жана башкаруу жана салык мыйзамдарын администрациялоо жана укуктук колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ыкчам-издөө иши жөнүндө мыйзамдарына ылайык алгачкы тергөө органынын иш-милдеттери менен сотко чейинки өндүрүштү жүзɵгɵ ашырат.

Сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу салык кызматынын органдары укук коргоо органынын статусуна ээ.

3. Салык кызматынын органдары жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына баш ийбейт.

4. Салык кызматынын органдары, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда алардын ишине мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кийлигишүүсүнө тыюу салынат.

5. Салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга албайт.

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-54)  
Кийинки берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-56)
