# 54-берене. Салык өкүлү, анын ыйгарым укуктары, укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 54-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-54

---

1. Салык төлөөчү салыктык укук мамилелерине жеке өзү, ошондой эле салык өкүлү аркылуу катышууга укуктуу.

2. Салык өкүлү салыктык укук мамилелеринде салык төлөөчүнүн атынан иш алып барууга укуктуу.

3. Салыктык укук мамилелерине салык төлөөчүнүн өзүнүн катышуусу аны салык өкүлү болуу укугунан ажыратпайт, ошону менен бирге эле салык өкүлүнүн катышуусу салык төлөөчүнү салыктык укук мамилелерине жеке өзү катышуу укугунан ажыратпайт.

4. Салык өкүлүнүн ыйгарым укуктары, укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги төмөнкүлөр тарабынан аныкталат:

1) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары;

2) салык төлөөчүнүн жана салык өкүлүнүн ортосунда түзүлүүчү жарандык-укуктук келишим;

3) салык өкүлүнө салык төлөөчү тарабынан берилүүчү ишеним кат.

5. Салыктык укук мамилелерине ушул салык төлөөчүнүн катышуусуна байланышкан салык төлөөчүнүн салык өкүлүнүн аракети же аракетсиздиги салык төлөөчүнүн аракети же аракетсиздиги деп таанылат.

6. Мамлекеттик орган же мамлекеттик органдын кызмат адамы салык төлөөчүнүн салык өкүлү боло албайт.

---

Мурунку берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-53)  
Кийинки берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-55)
