# 53-берене. Салык агенти, укуктар, милдеттер жана жоопкерчилик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 53-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-53

---

1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, ушул Кодекстин талаптарына ылайык салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин аткарууга милдеттүү болгон уюм же жеке ишкер салык агенти болуп саналат.

Мыйзам чыгаруу, сот, Кыргыз Республикасынын атайын статусу бар мамлекеттик бийликтин аткаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Конституциясында аныкталган башка мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органы жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги иши Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу мекеменин пайда болушуна алып келбеген, берүү жери болуп Кыргыз Республикасынын аймагы таанылган чет өлкөлүк уюм тарабынан алардын дарегине аткарылган жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр боюнча КНС боюнча салык агенттери болуп саналбайт.

2. Салык агенти өзүнүн милдеттерин ушул Кодексте каралган жеңилдиктерди жана бошотууларды эске алуу менен төмөнкүлөргө карата аткарат:

1) кызматкерге эмгек келишими боюнча төлөнгөн суммалар, ошондой эле жеке жакка төлөнгөн жана ушул Кодекске ылайык салык салынууга тийиш болгон башка киреше боюнча киреше булагы катары киреше салыгына;

2) Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме түзбөстөн иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдун кирешесинен алынуучу салыкка, киреше булагы катары;

3) чет өлкөлүк субъекттин киреше булагы деп таанылуучу капиталдагы үлүшүн же ата мекендик уюмдагы башка катышуу үлүшүн сатуудан алган кирешесинен алынуучу салыкка;

4) транзакцияга салыкка:

а) жеке ишкердин, уюмдун, мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында катталган чет өлкөлүк уюмдун филиалынын/өкүлчүлүгүнүн;

б) Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок жана анын эсеби ачылган банктын дареги боюнча мамлекеттик каттоосуз салыктык каттоодон өткөн чет өлкөлүк уюмдун;

5) ушул Кодекстин 111-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасында катталган, 28-берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмду кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагы берүү орду болуп таанылган алардын дарегине иши Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу мекеменин пайда болушуна алып келбеген чет өлкөлүк уюм тарабынан аткарылган жумуштар же көрсөтүлгөн кызматтар боюнча КНСке.

Ушул пункт ушул Кодекс күчүнө кирген датага чейин түзүлгөн, ушул Кодекстин 3-беренесинде көрсөтүлгөн эл аралык келишимдерди же макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында жумуштарды аткарууга жана/же кызматтарды көрсөтүүгө жайылтылбайт;

6) акциздик товар натыйжасы болуп саналган иштетип алма чийки затты кайра иштетүүчү субъект катары акциздик салыкка.

2-1. Салык агенти жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызматка тапшырык берүү үчүн колдонулуучу салык агентинин маалымат тутумун пайдалануу менен иш жүргүзүүдөн алынган жана ушул Кодекске ылайык салык салынууга тийиш болгон жеке жактын кирешесинен киреше салыгына карата өз милдеттерин аткарат. Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 12-февралындагы N 37 Мыйзамы менен берилген берененин 2-1-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр, 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

3. Салык агенти салык агентинин өзү же салык агентинин тапшырмасы боюнча башка адам же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка адам тарабынан кирешенин суммасын тɵлɵɵ, товар, жумуштар жана кызмат кɵрсɵтүүлɵр үчүн акылар төлөнгөнүнө карабастан, салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин аткарууга милдеттүү.

4. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, салык төлөөчү үчүн ушул Кодекс менен белгиленген укуктар жана милдеттер салык агентине жайылтылат.

5. Эгерде салык агенти ушул Кодекс менен каралган салык милдеттенмесин кармап калбаса же толук эмес кармап калса, анда бул аткарылбаган салык милдеттенмеси салык агенти тарабынан аткарылат.

6. Банк ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган милдеттерге карата салык агенти болуп саналбайт.

7. Салык агентинин отчету салык милдеттенмеси пайда болгон ай үчүн берилет. Салык агентинин отчетун берүү жана салык милдеттенмесин төлөө ушул Кодекстин талаптарына ылайык ар бир салыкка карата өзүнчө колдонулган тартипте жана мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.

8. Кыргыз Республикасынын аймагы берүү жери деп таанылган жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү чет өлкөлүк уюмдан же чет өлкөлүк жеке ишкерден сатып алууда Жогорку технологиялар паркынын резиденти, ошондой эле аба жана темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана жол жүгүн эл аралык ташууну жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган КНСке карата салык агентинин милдеттерин аткаруудан бошотулат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-54)
