# 52-берене. Салык төлөөчүнүн кызмат адамы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 52-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-52

---

1. Салык төлөөчүнүн кызмат адамы болуп төмөнкүлөр саналат:

1) салык төлөөчүнүн башкармалыгынын аткаруу органынын жетекчиси;

2) уюмдун туруктуу мекемесинин жетекчиси;

3) эмгек келишиминин же жарандык-укуктук келишимдин же ишеним каттын негизинде ушул Кодексте белгиленген милдеттерди аткаруу боюнча ыйгарым укук берилген жеке жак;

4) ушул бөлүктүн 1-3-пункттарында көрсөтүлгөн адамдардын милдеттерин убактылуу аткаруучу жеке жак.

2. Салыктык максаттарда кызмат адамы деп төмөнкүлөр таанылат:

1) жеке ишкер үчүн - жеке ишкер катары катталган же катталууга тийиш болгон жеке жак;

2) жеке жак үчүн - бул жеке жак.

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-53)
