# 51-берене. Салык төлөөчүнүн милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 51-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-51

---

1. Салык төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) белгиленген тартипте салык органында катталууга;

2) салык милдеттенмесин аткарууга;

3) ушул Кодексте белгиленген талаптарга ылайык салыктык эсепке алууну жүргүзүүгө;

31) салык төлөөчүнүн өз кабинети аркылуу Жалданма кызматкерлер боюнча салык агентинин реестрин жүргүзүүгө жана анда жалданма кызматкерлер болуп саналган жана аны менен эмгек мамилелеринде турган жеке жактар боюнча актуалдуу маалыматтарды камсыз кылууга. Ушул пункт мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга, ошондой эле ушул Кодекстин 47-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттерге жайылтылбайт.

4) ушул Кодексте белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө салык отчетун берүүгө;

5) ушул Кодексте белгиленген учурларда жана тартипте түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды жана документтерди берүүгө, анын ичинде электрондук түрдө берүүгө;

6) салыктык укук бузуулардын кесепеттерин четтетүү же салыктык укук бузууларга алып келүүчү аракеттерди же аракетсиздикти токтотуу жөнүндө салык кызматынын органынын мыйзамдуу талабын аткарууга;

7) ушул Кодекстин негизинде салык кызматынын органынын кызмат адамынын кызматтык милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылбоого;

8) жазма буйруктун негизинде салык аудити, көчмө салыктык текшерүү, рейддик салык контролу жана салык төлөөчү тааныган салык карызын накталай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүү, жалданма кызматкерлердин иш жүзүндөгү санын аныктоо үчүн салык постун орнотуу формасында, ошондой эле бар болушу же пайдаланылышы салык милдеттенмелеринин келип чыгышына алып келген аймакта же жайда хронометраждык иликтөөлөрдү жүргүзүүдө салык контролун жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамына кирүүгө мүмкүндүк берүүгө;

9) салык милдеттенмесин эсептɵɵнү эсепке алууну жана аткарууну ырастаган документтердин сакталышынын төмөнкүдөй мөөнөтүн камсыз кылууга:

а) кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдөгү документтер - патенттин негизинде салыкты алууну жана төлөөнү тастыктаган документтерди кошпогондо, 6 жылдан кем эмес;

б) патенттин негизинде салыкты алууну жана төлөөнү тастыктаган документтер - 3 жылдын ичинде;

10) салык кызматынын органынын текшерүү жүргүзгөн кызмат адамына текшерүүнү же контролдоону каттоо үчүн инспектордук текшерүүлөр китебин көрсөтүүгө;

11) учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына Кыргыз Республикасынын банктарында эсептердин ачылгандыгы же жабылгандыгы жөнүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан эсептери жөнүндө маалыматты мындай эсептер ачылган же жабылган күндөн кийинки күндөн тартып 15 күндүн ичинде билдирүүгө;

12) акциздик товарларга, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден Кыргыз Республикасына ташып киргизилген товарларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча орду которулган товарларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды аткарууга;

13) учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына билдирүү тапшырууга:

а) товарларды өткөрүп берүүгө байланыштуу ЕАЭБ мүчө-мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү жөнүндө:

- ЕАЭБ мүчө-мамлекеттин салык төлөөчүсүнөн анын Кыргыз Республикасындагы филиалына же өкүлчүлүгүнө;

- ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеги филиалдан же өкүлчүлүктөн филиал же өкүлчүлүк болуп саналган Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнө;

б) өткөрүп берүүгө байланыштуу товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБ башка мүчө мамлекеттин аймагына ташып чыгуу жөнүндө:

- Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнөн ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеги ɵзүнүн филиалына же өкүлчүлүгүнө;

- Кыргыз Республикасындагы филиалдан же өкүлчүлүктөн филиалы же өкүлчүлүгү болуп саналган ЕАЭБ мүчө-мамлекеттин салык төлөөчүсүнө;

в) ташылып кирген товарлардын өзгөчөлүктөрүн жана мүнөздөмөлөрүн өзгөртпөстөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып чыга турган товарларды ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу ташып кирүү жөнүндө;

г) ташылып чыккан товарлардын өзгөчөлүктөрүн жана мүнөздөмөлөрүн өзгөртпөстөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып кире турган товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймагына убактылуу ташып чыгуу жөнүндө;

д) берилүүчү чийки затты аны андан ары кайра иштетүү үчүн ЕАЭБ мүчө-мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү жөнүндө;

е) берилүүчү чийки затты андан ары кайра иштетүү үчүн аны Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБ мүчө-мамлекеттин аймагына ташып чыгуу жөнүндө.

Билдирүүнүн формасы, толтуруу жана берүү мөөнөттөрү жана тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет;

14) товарларды маркалоону жүзөгө ашырууга, маркалана турган товарлар жөнүндө толук жана анык маалымат берүүгө жана товарларды маркалоо жагынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же ЕАЭБ мыйзамдарында каралган милдеттенмелерди аткарууга;

15) Министрлер Кабинети бекиткен тартипке ылайык колдонууга уруксат берилген фискалдык программалык камсыз кылууну колдонууга;

16) жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууларга тапшырык берүү үчүн колдонулуучу маалымат тутумуна такси кызматынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана курьердик кызмат көрсөтүүнүн субъекттерин салыктык каттоосу болгондо гана кошууну камсыз кылууга;

17) ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден Кыргыз Республикасына товарларды ташып кирүүдө салык органдарына ташып киргизилген товарларга документтерди жана коштомо документтерди Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте көрсөтүүгө;

18) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган учурларда жана тартипте ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилүүчү товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогдорун пайдаланууга;

19) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана ЕАЭБдин укуктарында аныкталган учурларда жана тартипте контролдук пломбаларды пайдаланууга;

20) ушул Кодекске ылайык эсеп-фактураны тариздөөгө милдеттүү болгон берүүчүдөн электрондук документ түрүндө эсеп-фактураны алуу менен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга.

11. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзгөн салык төлөөчү салыктарды бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумуна ылайык гана төлөөгө милдеттүү.

12. Транзакциялар боюнча иш жүргүзүүчү салык төлөөчү ушул Кодекстин 65-главасына гана ылайык салыктарды төлөөгө милдеттүү.

2. Салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди аткарат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 , 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-52)
