# 50-берене. Салык төлөөчүнүн укуктарын камсыз кылуу жана коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 50-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-50

---

1. Кыргыз Республикасы салык төлөөчүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сотко чейин жана сотто коргоону кепилдейт.

2. Салык төлөөчүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун тартиби ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында аныкталат.

3. Салык төлөөчүнүн укуктары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, салык кызматынын органдарынын, бажы органдарынын, ошондой эле алардын кызмат адамдарынын тийиштүү милдеттери менен камсыз кылынат.

4. Салык төлөөчүнүн укуктарын камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-49)  
Кийинки берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-51)
