# 5-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 5-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-5

---

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын принциптери ушул Кодекс менен аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

1) салык салуунун мыйзамдуулугуна;

2) салык салуунун милдеттүүлүгүнө;

3) салык тутумунун бирдиктүүлүгүнө;

4) салык мыйзамдарынын маалымдуулугуна;

5) салык салуунун акыйкаттуулугуна;

6) салык төлөөчүнүн ак ниеттүүлүгүнүн презумпциясына;

7) укук ченемдүүлүктүн презумпциясына;

8) салык салуунун аныкталгандыгына;

9) салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугуна.

3. Салык мыйзамдарынын ченемдери ушул Кодексте белгиленген принциптерге карама-каршы келиши мүмкүн эмес.

4. Салыктарды белгилөө укугу Жогорку Кеңешке таандык.

Салыктар ушул Кодекс менен гана белгиленет жана жокко чыгарылат. Субъекттердин салыктык карызын эсептен чыгаруу жөнүндө чечим өзүнчө мыйзам менен кабыл алынат.

5. Жергиликтүү салыктар жергиликтүү кеңештерге ушул Кодексте берилген ыйгарым укуктардын чектеринде жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары менен колдонууга киргизилет.

6. Ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары болуп саналбаган мыйзамдарга салыктык укук мамилелерин жөнгө салуучу ченемдерди киргизүүгө тыюу салынат.

7. Салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон ченемдердин жок экендиги салык төлөөчүгө, салыктык өкүлгө каршы колдонулушу мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-6)
