# 49-берене. Салык төлөөчүнүн укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=44293..45757>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 49-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-49

---

1. Салык төлөөчү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) салык кызматынын органдарынын кызмат адамынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоону талап кылууга;

2) салыктык укук мамилелеринде жеке өзү же өзүнүн салык өкүлү аркылуу иш алып барууга;

3) тиешелүү мамлекеттик органдардан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары жөнүндө маалыматты, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ыйгарым укуктуу салык органы иштеп чыккан эрежелерди, жоболорду жана башка усулдук көрсөтмөлөрдү алууга;

4) салык отчеттуулугунун ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтына жарыяланбаган формаларын колдонбоого;

5) суроо-талаптын негизинде салык кызматынын органдарындагы өзү тууралуу ар кандай маалыматты, ага кошо көчмө текшерүүнү дайындоо үчүн негиз болгон салыкты туура эмес эсептөө фактылары жөнүндө күбөлөндүрүүчү документтерди ырастоочу көчүрмөлөрдү акысыз алууга, ошондой эле салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу берилген, салык кызматынын тиешелүү органынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн салык кызматынын органынын документтеринин көчүрмөлөрүн алууга;

6) ашыкча төлөнгөн, ашыкча өндүрүлүп алынган салык суммасын эсепке алууга же кайтарып берүүгө, ошондой эле КНС ашыкча суммасын кайтарып берүүгө жана/же ордун толтурууга;

7) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген негиздер болгондо жана тартипте салык жеңилдиктерин пайдаланууга;

8) салыктык сырды сактоону талап кылууга;

9) ушул Кодексте каралган учурларда салык контролу башталганга чейин жазма буйрук алууга, мындай контролду жүзөгө ашырган салык кызматынын органынын кызмат адамынын ырастамасы менен таанышууга;

10) салык контролун жүзөгө ашыруучу салык кызматынын органынын кызмат адамынан инспектордук текшерүү китепчесине каттоону талап кылууга;

11) салык контролунун натыйжалары боюнча салык кызматынын органдарына түшүндүрмө берүүгө;

12) салык милдеттенмесин аткарууга тиешеси жок маалыматтарды жана документтерди бербөөгө;

13) салык кызматынын органынын кызмат адамынын чечимине, аракетине же аракетсиздигине даттанууга;

14) салык кызматынын органынын мыйзамсыз чечиминен, анын кызмат адамынын укукка жат аракетинен же аракетсиздигинен улам келип чыккан чыгымдын жана зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтуртуп алууга;

15) төмөнкүлөрдү камтыган КНС төлөөчүлөр жөнүндө маалыматка эркин жетүүгө:

а) КНС төлөөчүнүн толук аталышы, ИСН;

б) анык эмес деп таанылган эсеп-фактуранын реквизиттери;

в) төмөнкү салык төлөөчүлөр жөнүндө маалыматтар:

- патенттин же өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын негизинде иш жүргүзүүчү, ошондой эле ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында, 6, 8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн;

- электрондук эсеп-фактура жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз боюнча маалыматтык системаларда катталган.

2. Салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга да ээ.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-50)
