# 48-берене. Салык төлөөчүнүн кабинети

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=13809..27071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 48-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-48

---

1. Салык төлөөчүнүн кабинети (мындан ары - кабинет) - ушул беренеде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен салыктарды эсептөө жана төлөө маселелери боюнча салык кызматынын органынын жана салык төлөөчүнүн ортосундагы аралыктан өз ара аракеттенүүлөрү үчүн арналган ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан берилүүчү онлайн-сервис.

2. Салык төлөөчү анын кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу тартибин ыйгарым укуктуу салык органы аныктайт.

3. Салык төлөөчү өз кабинети аркылуу:

1) салык кызматынын органынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен жөнгө салынуучу мамилелерде пайдаланылуучу электрондук документтерди алат:

2) салык кызматынын органдарына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган электрондук документтерди, анын ичинде кагаз жүзүндөгү документтердин сканерленген көчүрмөлөрүн берет;

3) Жалданма кызматкерлер боюнча салык агентинин реестрин туруктуу негизде жүргүзөт жана анда жалданма кызматкерлер болуп саналган жана аны менен эмгек мамилелеринде турган жеке жактар боюнча актуалдуу маалыматтарды камсыз кылат. Жалданма кызматкерлер боюнча салык агентинин реестри киреше салыгы боюнча отчетторду берүү учурунда салык төлөөчү тарабынан пайдаланылат. Ушул пункт мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга, ошондой эле ушул Кодекстин 47-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттерге жайылтылбайт.

Электрондук документтер салык төлөөчү же салык кызматынын органынын жетекчиси өзү кол койгон кагаз жүзүндөгү документтерге теңдеш деп таанылат. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, эгерде электрондук документтер салык төлөөчүгө жөнөтүлсө же ага анын кабинети аркылуу берилсе, кагаз жүзүндөгү документтерди жөнөтүү талап кылынбайт.

4. Ыйгарым укуктуу салык органы майыптыгы бар адамдар үчүн санариптик жеткиликтүүлүктүн эл аралык жана улуттук стандарттарына ылайык анын интерфейсин жана функционалын адаптациялоо менен кабинеттин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

(КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-47)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-49)
