# 476-берене. Атайын салык режимин колдонуунун чектөөлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 65-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-476>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-476.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 476-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-476

---

1.(КР 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Транзакцияга салык боюнча салык төлөөчү ушул Кодекстин 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 57-пунктуна ылайык транзакциялар деп таанылган операцияларды гана жүргүзүүгө милдетүү.

3. Транзакцияга салык режимин колдонуунун алкагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды сатууга, жумуштарды аткарууга же кызматтарды көрсөтүүгө;

2) ушул Кодекстин 471-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык транзакция жана өлкө ичиндеги которуулар менен байланышпаган операцияларга.

4. Транзакцияга салыктын режимин колдонуу шарттарына ылайык келбеген операцияларды жүргүзүү мындай бузууга жол берилген айдын биринчи күнүнөн тартып көрсөтүлгөн режимди колдонуу укугун жоготууга алып келет.

5. Атайын салык режимин колдонуу укугу жоголгон учурда мындай укук жоголгон учурдан тартып келип чыккан салык милдеттенмелерин эске алуу менен субъектке жалпы салык режимине ылайык салык салынууга тийиш.

(КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

| Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
| --- | --- |
| 2021-жылдын 22-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |

---

Мурунку берене: [475-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-475)
