# 467-берене. "Тамчы" АФИА субъекттерине салык салуу өзгөчөлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 64-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 10.07.2025 [Закон КР от 10 июля 2025 года № 137 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029362)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-467>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-467.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 467-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-467

---

1. Эгерде ушул главада жана "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында башкача каралбаса, ушул Кодекстин 465-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына жооп берген "Тамчы" АФИА субъекттеринин иши салыктын бардык түрлөрүнөн бошотулат.

11. Кыргыз Республикасынын аймагынан "Тамчы" АФИАнын субъекти болуп саналбаган субъект тарабынан "Тамчы" АФИАнын субъектине товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат.

2. "Тамчы" АФИАнын чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө алынуучу салыктарды башкаруу ЕАЭБдин мыйзамдарына, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

3. "Тамчы" АФИАдан Кыргыз Республикасынын калган аймагына ташылып чыгуучу товарларга карата салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 137, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [466-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-466)  
Кийинки берене: [468-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-468)
