# 464-берене. Салыктык милдеттенмени аткаруу жана салыктык отчет

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 62-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-464>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-464.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 464-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-464

---

1. Салык боюнча салыктык милдеттенмелерди аткаруу ай сайын ар бир айдын 1-күнүнөн кечиктирбестен бирдей үлүштөр менен жүзөгө ашырылат.

2. Салык төлөөчү салык милдеттенмесин мөөнөтүнөн мурда аткарууга укуктуу.

3. Салыктын суммасын эсептөө боюнча милдет ушул Кодекстин 459-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салык төлөөчүнүн арызынын негизинде өзгөчө режимдеги соода зонасы жайгашкан жери боюнча салык органына жүктөлөт.

4. Эгерде салык төлөөчү ушул Кодекстин 459-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн арызды бербесе, салык органы учурдагы календардык жылдын калган күндөрүнө салыкты ушул Кодекстин 462-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн формула боюнча түшкөн акчанын мурда билдирилген көлөмүнө ылайык салыктын ставкасынан кийинки салыктын ставкасын колдонуу менен эсептөөгө укуктуу.

5. (КР 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [462-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-462)  
Кийинки берене: [465-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-465)
