# 462-берене. Салыктын суммасын аныктоо тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 62-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=34825..36891>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-462>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-462.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 462-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-462

---

1. Өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын суммасы ушул Кодекстин 461-беренесинде белгиленген салыктын ставкасын колдонуу менен аныкталат.

2. Өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишкердикке салык төлөөчү катары кайрадан катталган салык төлөөчү үчүн салыктын суммасы төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:

СС = С / 12 х А, мында: СС - салыктын суммасы; С - салыктын ставкасы; А - арызда көрсөтүлгөн календардык жылда катары менен келген айлардын саны.

3. Учурдагы календардык жыл үчүн алууга пландаштырылган түшкөн каражаттын билдирилген көлөмү ашып кеткен учурда, календардык жылдын катары менен калган айла-рына салыктын суммасы ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн формула боюнча, түшкөн каражаттын мурда билдирилген көлөмүнөн ашкан түшкөн каражаттын көлөмү үчүн белгиленген салыктын ставкасын колдонуу менен аныкталат.

4. Өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салык төлөөчү катары режимден чыкканда, салык төлөөчү өзгөчө режимдеги соода зонасы жайгашкан жер боюнча салык органына арыз берүүгө милдеттүү жана арыз берилген айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып эсептелген салык милдеттенмесинин калган суммасы аткарылууга тийиш эмес.

5. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн формула боюнча эсептелген салыктын орточо айлык суммасы белгиленген болуп саналат жана учурдагы календардык жылда алууга пландаштырылган түшкөн акчанын билдирилген көлөмүнөн ашкан учурда салыктын орточо айлык суммасын кайра эсептөөнү кошпогондо, кайра эсептелүүгө тийиш эмес.

Ушул Кодекстин 457-беренесинин 31-бөлүгүндө каралган, төлөнгөн салыктын суммасы сатуудан алынуучу салык боюнча салыктын ашыкча төлөнгөн суммасы катары таанылган учурларды кошпогондо, салыктын төлөнгөн суммасы салык төлөнгөндөн кийин кайра кайтарылбайт. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

463- берене. Салыктык мезгил

Өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салык үчүн салыктык мезгил болуп бир календардык жыл эсептелет.

---

Мурунку берене: [461-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-461)  
Кийинки берене: [464-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-464)
