# 459-берене. Салык төлөөчү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 62-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-459>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-459.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 459-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-459

---

1. Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салыктын салык төлөөчүсү болуп ушул Кодекстин 457-беренесинде көрсөтүлгөн ишти өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагында жүзөгө ашыруучу субъект эсептелет.

2. Салык төлөөчү өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөөгө арызды өзгөчө режимдеги соода зонасынын жайгашкан жери боюнча салык органына мындай иш башталганга чейин берүүгө милдеттүү.

21. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Учурдагы календардык жылда алууга пландаштырылган түшкөн каражаттын билдирилген көлөмү ашып кеткен учурда, салык төлөөчү календардык жылдын калган айларына түшкөн каражаттын көлөмүн көрсөтүү менен арыз берүүгө милдеттүү.

Эгерде учурдагы салыктык эсепке алуу орду боюнча салык органына учурдагы календардык жыл үчүн алууга пландаштырылган түшкөн каражаттын билдирилген көлөмүнөн ашып кеткендиги жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчү арыз бербесе же аны өз убагында бербесе, анда ал арыз берүүгө милдеттүү болгон айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып 3-коэффициентти колдонуу менен ушул Кодекстин 462-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн формула боюнча эсептелген салыктын суммасынын салык төлөөчүсү катары таанылат.

4. Жеке ишкер жалданма кызматкерлердин эмгек акысынан киреше салыгын эсептөөнүн жана төлөөнүн ордуна ар бир жалданма кызматкерге Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу өлчөмдө патент сатып алууга укуктуу.

5. (КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

460- берене. Салык салынуучу объект

Өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын салык салуу объекти болуп өзгөчө режимдеги соода зонасындагы салык төлөөчүнүн товарларды арызда көрсөтүлгөн соода жайында сатып өткөрүү боюнча иши эсептелет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [457-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-457)  
Кийинки берене: [461-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-461)
