# 453-берене. Салык ставкалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 62-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=2264..13809>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-453>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-453.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 453-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-453

---

1. Оюн-зоок ишине салыктын базалык ставкалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

1) казинонун 1 оюн столу (1 флот) үчүн:

- 2022-жылы - 750000 сом;

- 2023-жылы - 1000000 сом;

- 2024-жылдан тартып - 1250000 сом;

2) оюн автоматтары жана компьютердик симуляторлор залынын 1 оюн автоматы үчүн:

- 2022-жылы - 50000 сом;

- 2023-жылы - 75000 сом;

- 2024-жылдан тартып - 100000 сом;

3) букмекердик конторанын жана тотализатордун ставкаларды кабыл алуунун 1 пункту (касса) үчүн:

- 2022-жылы - 200000 сом;

- 2023-жылы - 350000 сом;

- 2024-жылдан тартып - 500000 сом.

2. Онлайн-казино жана электрондук (виртуалдык) казинолор үчүн салыктын базалык ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:

- 2024-2025-жылдар мезгилине 1 пайыз;

- 2026-жылдын мезгилине 2 пайыз;

- 2027-жылдан баштап 3 пайыз.

3. Оюн-зоок ишине салыктын ставкалары белгиленген базалык ставканын өлчөмүнүн чегинде Министрлер Кабинети тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [452-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-452)  
Кийинки берене: [454-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-454)
