# 445-берене. Салык базасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 61-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286441..1286442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-445>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-445.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 445-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-445

---

1. Электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салыктын салык базасы болуп, салык төлөөчүнүн менчиги болуп саналбаган товарларды сатып өткөрүүдөн түшкөн акча жана/же товарларды сатып өткөрүү боюнча электрондук формада кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акча саналат.

2. Эгерде сатып өткөрүлгөн товарлар салык төлөөчүнүн менчиги болуп саналбаса, анда ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган салык базасы сатып өткөрүлгөн товарлар үчүн сатып алуучудан алынган түшкөн акча менен сатып өткөрүлгөн товарлар үчүн менчик ээсине төлөнгөн же менчик ээси алган акча каражаттарынын ортосундагы айырмадан төмөн болушу мүмкүн эмес.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [444-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-444)  
Кийинки берене: [446-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-446)
