# 443-берене. Жалпы жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 61-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=34825..36891>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-443>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-443.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 443-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-443

---

1. Ушул главанын жоболору төмөнкүдөй болуп саналган салык төлөөчүнүн ишине карата колдонулат:

1) домендик аталышты же Кыргыз Республикасында катталган IP-дарегин пайдалануунун негизинде товарларды сатуу боюнча электрондук түрдө кызмат көрсөтүү боюнча уюм жана жеке ишкер;

2) Кыргыз Республикасынын товарларды сатуу боюнча электрондук соода жөнүндө мыйзамдарына ылайык соода платформасынын оператору;

3) ушул Кодекстин 174-беренесинин 581-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн, маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды колдонуунун негизинде товарларга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө максаттуу микрокредиттерди берүү жана алардын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү боюнча тутумдагы төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн катышуучусу.

2. Электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык төлөөчүлөр банкта атайын ачылган эсеп, анын ичинде электрондук капчык жана мындай эсепке кошулган башка виртуалдык төлөм шаймандары аркылуу бул иштеги бардык операциялар боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү.

3. Электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык төмөнкүлөрдүн ордуна салык төлөөчүнүн ишине карата салыкты төлөөнү карайт:

1) пайдага салык;

2) салык салынуучу берүүлөргө КНС;

3) сатуудан алынуучу салык.

4. Ушул главада каралган режимди колдонуучу салык төлөөчүлөр ушул Кодекске ылайык ушул берененин 3-бөлүгүндө көр-сөтүлбөгөн салыктарды төлөйт.

41. КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

42. КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Салык төлөөчү:

1) ушул берененин талаптарына ылайык келбесе, ушул Кодекстин талаптарына ылайык башка салык режими боюнча салыктарды төлөйт;

2) ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ишке карата жалпы салык режимин кошпогондо, башка салык режими боюнча салык төлөөгө укугу жок.

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [442-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-442)  
Кийинки берене: [444-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-444)
