# 44-берене. Салыкты төлөө мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 44-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-44

---

1. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, салыктарды төлөө мөөнөттөрү ушул Кодекстин талаптарына ылайык ар бир салыкка карата өзүнчө белгиленет.

2. Салык төлөөчүнүн салык органына тапшырган салык отчеттуулугуна ылайык эсептелген салык милдеттенмесинин суммасы уюмду кайра уюштурууга же жоюуга же жеке ишкердин ишин токтотууга байланыштуу салыктык жана/же эсептик каттоону жоюу жөнүндө арыз менен бирге салык органына мындай арыз берилген күнгө чейин төлөнүүгө тийиш.

3. Салык төлөөнүн белгиленген мөөнөтүн өзгөртүүгө ушул Кодексте каралган тартипте гана жол берилет.

4. Салык төлөө мөөнөттөрүн бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-45)
