# 434-берене. Жогорку технологиялар паркынын субъекттерине салык салуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 59-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286441..1286442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-434>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-434.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 434-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-434

---

1. Эгерде ушул главада башкача каралбаса, ушул Кодекстин 432-беренесинин талаптарына жооп берген Жогорку технологиялар паркынын резидентинин иши Жогорку технологиялар паркы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу мөөнөткө төмөнкү салыктарды төлөөдөн бошотулат:

1) пайдага салыктан;

2) сатуудан алынуучу салыктан;

3) салык салынуучу берүүлөргө КНС.

Жогорку технологиялар паркынын резидентине салык салууну колдонуу мөөнөтү ушул главага ылайык Жогорку технологиялар паркынын режиминин колдонулуу мөөнөтүнөн кандай болгон учурда да ашпоого тийиш.

2. Жогорку технологиялар паркынын резиденти ушул Кодекске ылайык ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн салыктарды төлөөгө милдеттүү.

3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Жогорку технологиялар паркынын резиденти статусунан ажыратууда ушул статустан ажыратылган учурдан баштап ушул Кодекске ылайк жалпы негизинде салык салуу жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [433-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-433)  
Кийинки берене: [435-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-435)
