# 427-берене. Жалпы жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 58-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=44293..45757>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-427>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-427.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 427-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-427

---

1. Ушул главада каралган салык режими агенттик келишимдин негизинде кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле төмөнкүлөрдү чогултуу, майнинг, акциздик товарларды, өндүрүү жана сатуу боюнча иш жүргүзгөн ишканалардан тышкары өндүрүү жана ишке ашыруу ишин жүзөгө ашыруучу субъекттерди кошпогондо, Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык ишти жүзөгө ашыруучу эркин экономикалык зоналардын (мындан ары - ЭЭЗ) субъекттеринин ишине карата гана колдонулат:

- 2000-жылга чейин катталган ЭЭЗ субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын калган аймактарына ташып кирүүдө акциз жана КНС салынуучу, ТЭИ ТН 2402 коду менен классификациялануучу тамеки продукцияларын;

- ЭЭЗ субъекттери катары катталган датасына карабастан, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын актысы менен ЭЭЗ субъекттери катары катталган субъекттер деп ырасталуучу жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын ЭЭЗ аймактарын ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптарга ылайык келген ЭЭЗ субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын калган аймактарына ташып кирүүдө акциз жана КНС салынуучу, ТЭИ ТН 2404 жана 8543 40 000 0 код менен классификациялануучу никотин камтылган продукцияны, бир кутуда никотин суюктугу бар никотинди жеткирүүнүн бир жолу колдонулуучу электрондук тутумдарын, электрондук сигареттерди жана ушуга окшогон жекече электрдик буулануучу түзүлүштөрдү (никотин жеткирүүнүн электрондук тутумдары), ТЭИ ТН 2202 кодундагы, курамында кант кошулмалары же башка таттуу даам берүүчү, же даам-жыпар жыт берүүчү заттар камтылган суулар, анын ичинде минералдык жана газдалган сууларды.

2. ЭЭЗ субъекттеринин ишине карата Кыргыз Республикасынын калган аймактарында жалпы салык режими колдонулат.

3. Акциздик продукцияны өндүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашыруучу ЭЭЗ субъекттерине салыктык контроль ЭЭЗ субъекти катталган ЭЭЗ башкы дирекциясына кабарлабастан жүзөгө ашырылат.

(КР 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [426-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-426)  
Кийинки берене: [428-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-428)
