# 426-берене. Салык отчетун берүү. Салык төлөө тартиби жана мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 57-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=34825..36891>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-426>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-426.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 426-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-426

---

1. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, бирдиктүү салык боюнча отчет эсептик каттоо жери боюнча отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен берилет.

2. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, бирдиктүү салык эсептик каттоо жери боюнча төмөнкүлөрдөн кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш:

1) отчеттук салыктык мезгилден кийинки - чакан ишкердик субъекти тарабынан;

2) отчеттук айдан кийинки - орто жана ири ишкердик субъекттери жана ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу субъект, ошондой эле лотереялык иштин субъекттери тарабынан.

3. Товарларды ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу алып өтүүдө бирдиктүү салык ушул Кодекстин 324-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген режимди колдонуучу субъект жана ушул Кодекстин 430-беренесинин 51-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ишке карата ЭЭЗдин субъектиси тарабынан бажы жол-жобосуна ылайык чыгарылганга чейинки бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төлөнүүгө тийиш.

4. Эсептик каттоосу жок болгон учурда бирдиктүү салык боюнча отчет учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча берилет жана салык төлөнөт.

5. Ушул Кодекстин 423-беренесинин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке ишкер бирдиктүү салык боюнча отчет берүүдөн бошотулат.

6. Ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун «а» пунктчасында, 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке ишкер жалданма кызматкерлердин эмгек акысынан киреше салыгын эсептөөнүн жана төлөөнүн ордуна ар бир жалданма кызматкерге Министрлер Кабинети аныктаган өлчөмдө патент сатып алууга укуктуу.

7. Бирдиктүү салык төлөөчү ушул Кодекстин 106-беренесинде белгиленген мөөнөттөрдө бирдиктүү салык декларациясын берүүгө милдеттүү.

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4251-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-4251)  
Кийинки берене: [427-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-427)
