# 4251-берене. Жөнөкөй шериктик келишиминин катышуучулары тарабынан бирдиктүү салыкты төлөөнүн өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 57-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=13809..27071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-4251>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-4251.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 4251-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-4251

---

1. Эгерде жөнөкөй шериктик келишиминин бардык катышуучулары салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун негизинде салык төлөсө, мындай шериктик келишимине ылайык эсепке алууну жүргүзүү милдети жүктөлгөн жөнөкөй шериктиктин катышуучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) салык милдеттенмелерин эсептөөнү жана төлөөнү ушул Кодекстин талаптарына ылайык жүргүзүүгө;

2) пайданы жана чыгашаны кассалык метод боюнча эсептөөгө, аларды келишимге ылайык катышуучулардын ортосунда бөлүштүрүүгө, алар катышуучулардын ар биринде өзүнчө эсепке алынууга тийиш жана эсепке алууну жүргүзүү милдети жүктөлбөгөн катышуучулардын бирдиктүү салыгынын салыктык базасына киргизилбейт.

2. Эгерде жөнөкөй шериктик келишиминин катышуучуларынын бир бөлүгү жалпы салык режиминде, экинчи бөлүгү - салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун негизинде салык төлөсө, эсепке алууну жүргүзүү милдети жүктөлгөн жөнөкөй шериктик келишиминин катышуучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) салык милдеттенмелерин эсептөөнү жана төлөөнү ушул Кодекстин талаптарына ылайык жүргүзүүгө;

2) пайданы жана чыгымды кассалык усул боюнча эсептөөгө, аларды келишимге ылайык катышуучулардын ортосунда бөлүштүрүүгө, алар катышуучулардын ар биринде өзүнчө эсепке алынууга тийиш жана эсепке алууну жүргүзүү милдети жүктөлбөгөн катышуучулардын пайда салыгынын/бирдиктүү салыгынын салыктык базасына киргизилбейт.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [425-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-425)  
Кийинки берене: [426-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-426)
