# 422-берене. Салыктык база

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 57-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-422>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-422.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 422-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-422

---

1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акча салык салуунун базасы болуп саналат.

11. Салык төлөөчү бир эле учурда иштин бир нече түрүн жүзөгө ашырууда салык базасы болуп иштин ар бир түрү боюнча өзүнчө товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча эсептелет.

2. Төмөнкүлөр боюнча салык базасы болуп:

1) ушул Кодекстин 324-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык жүзөгө ашырылуучу иш боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды ташып чыгууда электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактурада көрсөтүлгөн товардын наркы саналат;

2) ушул Кодекстин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашырылуучу иш боюнча товарларды ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүдө анын бажы наркы саналат;

3) турагенттик иш боюнча - агенттик сый акы саналат;

4) лотереялык иш боюнча - байге фонду боюнча төлөмдөрдү алып салгандан кийинки лотереяларды сатып өткөрүүдөн түшкөн акча саналат.;

5) электрондук соода аянтчасында жүргүзүлүүчү соода иши болуп салык төлөөчүнүн эсебине түшкөн акча саналат;

6) ушул Кодекстин 430-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашырылуучу иш боюнча товарды ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу алып өтүүдө анын бажы наркы саналат;

7) виртуалдык активди сатууда жүзөгө ашырылуучу иш боюнча сатып алуу наркын кемитүү менен аларды сатуудан түшкөн акча салык базасы болуп саналат.

3. Ушул Кодекстин 212-беренесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөн кирешени кошпогондо, ушул Кодекстин VIII бөлүмүнө ылайык салык салынуучу иштин түрлөрүнөн алынган кирешелер да бирдиктүү салыкты эсептөө үчүн салык базасына киргизилүүгө тийиш.

4. Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча төмөнкү учурларда түзөтүлүүгө тийиш:

1) товарлар толук же жарым-жартылай кайтарылып берилгенде;

2) бүтүмдүн шарттары өзгөргөндө;

3) бүтүмдүн шарттары толук же жарым-жартылай аткарылбаганда.

Түшкөн акчаны түзөтүү товарлар кайтарылып берилген же бүтүмдүн шарттары өзгөргөн салык мезгилинин салыктык базасынын өлчөмүн өзгөртөт. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [421-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-421)  
Кийинки берене: [4221-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-4221)
