# 420-берене. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонуу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 57-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-420>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-420.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 420-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-420

---

1. Ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъекттерди кошпогондо, салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген тартипте салык салуу тутумун өз алдынча тандап алууга укуктуу.

2. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонууга ниеттенген жеке ишкер же юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодо салык төлөөчү каттоо арызында бирдиктүү салыктын тиешелүү ставкасын тандоого милдеттүү.

3. Эгерде ушул главада башкасы белгиленбесе, салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонууга ниеттенген жана салык төлөгөн салык төлөөчү:

1) жалпы салык режиминин негизинде учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына алдыдагы календардык кварталдын айынын бирине чейин арыз берет. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун негизинде бирдиктүү салыкты төлөө салык төлөөчү тарабынан арыз берилген кварталдан кийинки календардык кварталдын айынын биринен тартып жүзөгө ашырылат;

2) башка атайын салыктык режимдердин негизинде учурдагы салыктык катталган жери боюнча салык органына арыз берет. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун негизинде бирдиктүү салыкты төлөө салык төлөөчү тарабынан арыз берген айдан кийинки айдын 1инен тартып ишке ашырылат.

4. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонуу үчүн ушул Кодекстин 419-беренесинде белгиленген шарттарга шайкеш келбеген учурда салык төлөөчү шайкеш келбестик белгиленген айдан кийинки ай аяктаганга чейин учурдагы салыктык катталган жери боюнча салык органына жалпы салык режимине өтүү жөнүндө арызын берүүгө милдеттүү. Жалпы салык режиминин негизинде салыкты төлөө салык төлөөчү тарабынан арыз берген айдан кийинки айдын 1инен тартып ишке ашырылат.

Эгерде учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына жалпы салыктык режимге өтүү жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчү арыз бербесе же аны өз убагында бербеген болсо, анда ал арыз берүүгө милдеттүү болгон айдан кийинки айдын 1инен тартып жалпы салык режиминин негизинде салык төлөөчү болуп таанылат.

5. Төмөнкүдөй салыктарды төлөөгө ниеттенген салык төлөөчү салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунан ыктыярдуу чыгууда:

1) жалпы салык режиминин негизинде учурдагы салыктык катталган жери боюнча салык органына учурдагы жылдын 1-декабрына чейин арыз берүүгө милдеттүү. Жалпы салыктык режимдин негизинде салыктарды төлөө салык төлөөчү тарабынан кийинки календардык жылдын 1-январынан тартып жүзөгө ашырылат;

2) башка атайын салыктык режимдердин негизинде учурдагы салыктык катталган жери боюнча салык органына арыз берет. Башка атайын салыктык режиминде салыкты төлөө салык төлөөчү тарабынан арыз берген айдан кийинки айдын 1инен тартып жүзөгө ашырылат.

6. Ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык бирдиктүү салык төлөөчү катары каттоо эсебинен чыгарылган салык төлөөчү ушундай каттоо эсебинен чыгарылгандан кийин 1 жылдан эрте эмес салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумуна кайрадан өтүүгө укуктуу.

7. Ушул Кодекстин 423-беренесинин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салык төлөөчү бирдиктүү салыктын нөлдүк ставкасы менен салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонууга укуксуз, эгерде:

1) катары менен келген 12 календардык айдын ичинде ККМ колдонулбаган же контролдук-кассалык чек басылбаган эки факты белгиленсе;

2) анын иши ушул Кодекстин 423-беренесинин 6-бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык келбесе.

Ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн бузуу фактылары аныкталган салык төлөөчү ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган ставкалар боюнча бирдиктүү салыкты мындай фактылар аныкталган айдан кийинки айдын 1инен тартып төлөөгө милдеттүү.

8. Бизнести майдалоо критерийлерине туура келген салык төлөөчү ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында жана 8-бөлүгүндө каралган ставкалар боюнча салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонууга укугу жок.

Ушул бөлүктө белгиленген шарттарга ылайык келбеген учурларда салык төлөөчү ылайык келбестик белгиленген айдан кийинки ай аяктаганга чейин учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасында каралган ставканы колдонууга өтүү жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү жана салык төлөө арыз берилген айдан кийинки айдын биринен тартып жүзөгө ашырылат. Эгерде учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына салыктын ставкасын колдонууну өзгөртүү жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчү аны бербесе же өз убагында бербесе, анда ал салык төлөөчү катары ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасында каралган ставканы колдонуу менен ал арыз берүүгө милдеттүү болгон айдан кийинки айдын биринен тартып таанылат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 )

---

Мурунку берене: [419-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-419)  
Кийинки берене: [421-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-421)
