# 419-берене. Салык төлөөчү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 57-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-419>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-419.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 419-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-419

---

1. Салык төлөөчү болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кыргыз Республикасында туруктуу мекеменин белгилери жок чет өлкөлүк уюмду кошпогондо, жеке ишкер же уюм;

2) ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъект;

3) ушул Кодекстин 430-беренесинин 51-бөлүгүндө көрсөтүлгөн иштерге карата ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу ЭЭЗ субъектиси;

4) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзүүчү субъект, мындай иш агенттик келишимдин негизинде жана электрондук соода аянтчасы аркылуу жүргүзүлүүчү учурларды кошпогондо.

Ушул главанын максаттарында Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш деп жүргүзүү орду Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жайгашкан товарларды сатуу боюнча иш, ошондой эле бул товарларды сатуу менен байланышкан коштоочу жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу түшүнүлөт. Ушул пункттун максатында товарлар деп Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтпөгөн товарлар түшүнүлөт.

2. Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөй-лөтүлгөн тутуму төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

1) жаппы салык режими жана башка атайын салык режимдери боюнча салык төлөөчү субъект;

2) камсыздандыруу кызматтарын көрсөткөн банкка жана субъектке;

3) инвестициялык фондго;

4) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна;

5) ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу алкоголсуз суусундуктарды чыгаруучу жана чекене сатып өткөрүүнү жүзөгө ашыруучу коомдук тамактануу субъектин кошпогондо, акциздик салыктын салык төлөөчүсүнө;

6) алтын, күмүш, жез, сурьма, сымап, вольфрам, калай, ошондой эле алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды, күмүштүн, жездин, сурьманын, сымаптын, вольфрамдын жана калайдын даяр продукциясын камтыган кендерди жана концентраттарды казып алуу жана сатып өткөрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъектке;

7) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8) уюлдук байланыш жана интернет байланышы чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү субъектке;

9) жылуулук энергиясын, электр энергиясын жана газ берүүчү субъектке.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттер товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү боюнча башка иштин түрлөрүн жүзөгө ашырууга укугу жок.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [418-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-418)  
Кийинки берене: [420-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-420)
