# 418-берене. Жалпы жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 57-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=34825..36891>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-418>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-418.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 418-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-418

---

1. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму субъекттер тарабынан ушул главага ылайык салык салынууга тийиш болгон иштерге карата төмөнкүлөрдүн ордуна бирдиктүү салык төлөө укугун карайт:

1) пайдага салыктын;

2) сатуудан алынуучу салыктын;

3) салык салынуучу берүүлөргө КНС.

2. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонгон субъект (мындан ары ушул главада - салык төлөөчү) төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ушул Кодексте белгиленген тартипте ККМ колдонууга;

2) ушул Кодекске ылайык ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн салыктарды төлөөгө;

3) ушул Кодексте белгиленген тартипте эсеп-фактураларды колдонууга.

4) Кайра сатуу же кайра иштетүү үчүн электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураны же ушул Кодекске ылайык аны алмаштыруучу документ алуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды сатып алууга.

3. Эгерде ушул главада башкасы каралбаса, салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген учурларда салык агенттеринин милдеттеринен бошотулбайт.

4. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Көңүл буруңуздар! Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр 2023-жылдын 3-апрелинен тартып күчүнө кирет.

---

Мурунку берене: [417-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-417)  
Кийинки берене: [419-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-419)
