# 417-берене. Салык отчетун берүүнүн тартиби. Салыкты төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 56-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-417>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-417.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 417-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-417

---

1. Салыкты төлөө патент алуу жолу менен ишти баштаганга чейин жүргүзүлөт.

2. Патент төмөнкүлөргө алынышы мүмкүн:

а) соода иши үчүн учурдагы календардык жылга жана учурдагы календардык жылдын калган айларына карата;

б) калган иштер үчүн катары менен келген 15, 30, 90, 180 жана 365 күнгө. 90 календардык күнгө патент алууда салыктын суммасы 5 пайызга, 180 календардык күнгө - 10 пайызга, 365 календардык күнгө - 15 пайызга төмөндөтүлөт.

3. Салыктын суммасы туруктуу болот жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу тартипте колдонуу мөөнөтү ал жеткис күчтүн жагдайларынын мезгилине туш келген патенттин негизинде кайра эсептелген салыктын суммасын, ошондой эле ушул Кодекстин 416-беренесинин 7-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, патент алынгандан кийин кайра эсептелбейт, ал эми салыктын төлөнгөн суммасы патент алынгандан кийин кайтарып берилүүгө жана чегерилүүгө тийиш эмес.

4. Патенттин негизинде салык салынууга тийиш болбогон иштин башка түрлөрү менен алектенген, ушул Кодекстин 416-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн салык төлөөчү өз-өзүнчө эсеп жүргүзүүгө, отчетторду берүүгө жана ушул Кодексте белгиленген тартипте иштин ошол түрлөрү боюнча салыктарды төлөөгө милдеттүү. Мында патенттин негизинде иш боюнча жүргүзүлгөн чыгымдар патенттин негизинде салык салынууга тийиш болбогон иштин башка түрлөрү боюнча жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салууларга кирбейт.";

5. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [416-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-416)  
Кийинки берене: [418-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-418)
