# 416-берене. Салык төлөөчү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 56-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-416>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-416.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 416-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-416

---

1. Патенттин негизинде салык төлөгөн салык төлөөчү деп төмөнкүлөр саналат:

1) Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмекке ылайык жеке эмгек ишин же жеке ишкердик ишин ишке ашырган жеке жак;

2) алмашуу бюро жана/же ломбард ишин ишке ашырган уюм.

2. Патенттин негизинде жеке ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу жана салык төлөөчү жеке жак салыктардын төмөнкү түрлөрүн кошпогондо, ушул Кодексте белгиленген салыктарды төлөйт:

- пайдага салык;

- сатуудан алынуучу салык;

- салык салынуучу берүүлөргө КНС.

Жеке эмгек ишин жүзөгө ашыруучу жеке жак киреше салыгынын ордуна патенттин негизинде салык төлөйт. Патенттин негизинде алмашуу бюросу жана/же ломбард ишин жүзөгө ашыруучу жана салык төлөөчү уюм салыктардын төмөнкүдөй түрлөрүн кошпогондо, ушул Кодексте белгиленген салыктарды төлөйт:

- пайдага салык;

- сатуудан алынуучу салык;

- салык салынуучу берүүлөргө КНС.

3. Патенттин негизинде салык төлөгөн жеке ишкер жалданган кызматкерлердин эмгек акысынан киреше салыгын эсептөөнүн жана төлөөнүн ордуна ар бир жалданган кызматкерге Министрлер Кабинети аныктаган өлчөмдө патент сатып алууга укуктуу.

Жумушчуларга жарандык-укуктук келишим (контракт, жалдоо) боюнча бир жолку жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөдө алардын ишинин алкагында бюджетке киреше салыгын эсептөө, кармап калуу жана которуу ушул Кодекстин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Төмөнкүлөр патенттин негизинде салык төлөө режимин колдонуу укугуна ээ эмес:

1) соода ишин кошпогондо, катары менен келген 12 ай үчүн түшкөн акчанын жалпы көлөмү 8000000 сомдон ашкан жеке жак;

2) товарларды импорттоочу жана/же экспорттоочу жеке жак;

3) (КР 2025-жылдын 31-июлундагы N 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) жалпы салык режими жана башка атайын салык режимдери боюнча салык төлөөчү жеке жак.

5) дистрибьютор болуп саналган жеке жак;

6) бизнести майдалоо критерийлерине туура келген жеке жак.

5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган жагдайлар келип чыкканда салык төлөөчү мындай жагдайлар белгиленген мезгилдин ичинде салык органына алар аныкталган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн башка тартибине өтүү жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.

Эгерде салык органына салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн башка тартибине өтүү жөнүндө арызды берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчү арыз бербесе же аны өз учурунда бербесе, анда ал арыз берүүгө милдеттүү болгон айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып жалпы салык режиминин негизинде салык төлөөчү деп таанылат. Ушул бөлүккө ылайык патенттин негизиндеги салыкты төлөөчү катары эсептен чыгарылган салык төлөөчү мындай эсептен чыгарылгандан кийин 1 жылдан эрте эмес убакытта патенттин негизиндеги салыкты төлөөгө кайрадан өтүүгө укуктуу.

6. Салык органы төмөнкү учурларда патентти жокко чыгарууга, чакыртып алууга же колдонулушун токтото турууга укуктуу:

1) салык төлөөчү патентте көрсөтүлбөгөн иштин түрүн жүзөгө ашырып жатса;

2) салык төлөөчү башка салык төлөөчүгө берилген патент боюнча ишти жүзөгө ашырып жатса;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укук бузуулар бар болсо;

4) жеке жак ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган талаптарды бузса;

5) жеке жак товарды, жумуштарды берүүчү же кызматтарды көрсөтүүчү субъект-берүүчү менен курулай же жалган бүтүм түзүү максатында патентти иш жүргүзүү ниети жок алса.

6) салык төлөөчү патентте көрсөтүлбөгөн аймакта иш жүргүзсө.

7. Соода аянты жана/же учурдагы календардык жылда алууга пландаштырылган түшкөн акчанын билдирилген көлөмү ашып кеткен учурда, салык төлөөчү ишкердик ишти жүргүзгөн жери боюнча салык органына календардык жылдын калган айларына түшкөн акчанын көлөмүн көрсөтүү менен арыз берүүгө жана түшкөн акчанын билдирилген көлөмүнө ылайык салыктын ставкасы менен патент сатып алууга милдеттүү.

Эгерде ишкердик иш жүргүзгөн жери боюнча салык органына соода аянты жана/же учурдагы календардык жылдын калган айларына алууга пландаштырылган түшкөн акчанын билдирилген көлөмү ашып кеткендиги жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчү арыз бербесе же аны өз учурунда бербесе, анда ал арыз берүүгө милдеттүү болгон айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып соода аянтынын аныкталган өлчөмүнө жана/же түшкөн акчанын көлөмүнө тиешелүү патенттин негизиндеги салыктын ставкасын колдонуу менен салык төлөөчү деп таанылат.

8. Эгерде салык төлөөчү экономикалык ишин токтотсо, ошол эле учурда учурдагы календардык жылда алууга пландалган түшкөн акчанын билдирилген көлөмүнөн ашып кеткендиги аныкталса, ашып кеткен суммага жалпы салык режими боюнча салыктар эсептелет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [415-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-415)  
Кийинки берене: [417-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-417)
