# 415-берене. Хронометраждык иликтөөлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 56-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-415>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-415.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 415-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-415

---

1. Хронометраждык иликтөөлөр атайын салык режимин колдонуу үчүн зарыл болгон ишкердиктин өзүнчө түрлөрүн жана региондор боюнча орточо кирешени аныктоо максатында салык кызматынын органы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана ыйгарым укуктуу салык органында аккредиттелген тармактык бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү менен биргеликте патенттин негизинде жүргүзүлөт. Хронометраждык иликтөө жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Хронометраждык иликтөөлөр жылына бир жолудан көп эмес, ал эми сезондук мүнөздөгү иштин түрү боюнча - жылына үч жолудан көп эмес жүргүзүлөт жана ар бир хронометраждык иликтөө 15 календардык күндөн ашпашы керек.

3. Хронометраждык иликтөө салык төлөөчүгө билдирүү менен да, билдирилбей да жүргүзүлүшү мүмкүн. Ушул Кодексте белгиленген талаптарга ылайык жазма буйрук хронометраждык иликтөө жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.

4. Салык төлөөчүгө билдирүү менен жасалган хронометраждык иликтөөлөрдү жүргүзүүдө салык төлөөчүгө жазма буйруктун түп нускасы таанышуу үчүн көрсөтүлөт жана анын көчүрмөсү тапшырылат. Түп нускада салык төлөөчүнүн жазма буйрук менен таанышкандыгы жана анын көчүрмөсүн алганы тууралуу белги коюлат.

5. Салык төлөөчүгө билдирилбей хронометраждык иликтөөнү жүргүзүүдө салык төлөөчүгө таанышуу үчүн жазма буйруктун түп нускасы көрсөтүлөт жана анын көчүрмөсү ошол иликтөө жүргүзүлгөндөн кийин иликтөөнүн тиешелүү актысы менен бир эле мезгилде тапшырылат.

6. Хронометраждык иликтөөнүн натыйжалары иши иликтелип жаткан конкреттүү адамдын салык милдеттенмесин өзгөртүүгө алып келбейт жана иштин конкреттүү түрү боюнча патенттин негизиндеги салык суммасын аныктоо үчүн гана пайдаланылат.

7. Хронометраждык иликтөөлөрдү жүргүзүүдөгү жеткиликтүүлүк ушул Кодекске ылайык камсыз кылынат.

---

Мурунку берене: [414-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-414)  
Кийинки берене: [416-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-416)
