# 414-берене. Салыктын суммасын аныктоо тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 56-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=34825..36891>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-414>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-414.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 414-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-414

---

1. Иштин түрлөрү боюнча патенттин негизиндеги салыктын базалык суммасы ыйгарым укуктуу салык органынын сунушу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

2. Ыйгарым укуктуу салык органы салыктын базалык суммасынын чегинде салыктын суммасын соода аянтына, иштин сезондуулугуна, кирешелүүлүгүнө, түрүнө жана жүргүзүү ордуна жараша түзөтүүгө укуктуу.

3. Ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыккан учурларды кошпогондо, салыктын базалык суммасын эсептөө жана аныктоо жана аны түзөтүү хронометраждык иликтөөлөрдүн, ошондой эле салык кызматынын органдарында болгон маалыматтын негизинде же ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт.

4. Эгерде салык төлөөчү иштин эки же андан ашык түрүн айкалыштырса, анда патент экономикалык иштин ар бир түрүнө өзүнчө алынат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [413-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-413)  
Кийинки берене: [415-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-415)
