# 412-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=13809..27071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-412>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-412.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 412-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-412

---

Жергиликтүү кеңештер ведомстволук аймакта төмөнкүлөргө укуктуу:

1) төмөнкүлөрдү берүүгө:

а) салык төлөөчү ал жеткис күчтүн кесепетинен материалдык зыян тарткан учурларда имараттарга жана жайларга мүлк салыгын төлөөдөн 3 жылга чейинки мөөнөткө толук же жарым-жартылай бошотуу;

б) жерди пайдалануучу ал жеткис күчтүн кесепетинен материалдык зыян тарткан учурларда айыл чарба багытындагы жерлерге мүлк салыгын төлөөдөн 3 жылга чейинки мөөнөткө толук же жарым-жартылай бошотуу;

в) иши ушул Кодекстин 183-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген жеңилдетилген салык салууга тийиш болгон иштин түрлөрүнө кирген ишканалар үчүн имараттарга, курулмаларга жана жайларга мүлк салыгын жана/же калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгын төлөөдөн толук бошотуу;

г) чек арага чектеш преференциалдык калктуу конуштарда катталган жана ишин жүзөгө ашырган салык төлөөчүлөр үчүн жер участокторуна жана турак эмес имараттарга, курулмаларга жана жайларга мүлк салыгын төлөөдөн толук бошотуу.

2) топурактын бонитетинин баллын эске алуу менен айыл чарба жерлерине кирген жер участоктору үчүн, ошондой эле ал жеткис күчтүн учурларын кошпогондо, пайдаланылбаган айыл чарба жерлери үчүн учурдагы салыктык мезгилдин 1-октябрынан кечиктирбестен кийинки салыктык мезгилдерге базалык салыктык наркты көбөйтүү.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [411-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-411)  
Кийинки берене: [413-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-413)
