# 411-берене. Жер участокторуна салык боюнча жеңилдиктер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-411>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-411.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 411-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-411

---

1. Эгерде бул бөлүмдө башкача каралбаса, төмөнкүлөр үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарбак участокторуна мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат:

1) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганистандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка катышкан аскер кызматчылары, Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюуга катышкандар, ошондой эле бала чагынан майыптар, I жана II топтогу майыптар;

2) кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон же дайынсыз жок болгон аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү, анын ичинде эрезеге жеткенге чейинки балдары;

3) жеке жак - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык пенсиялык куракка жеткен Кыргыз Республикасынын жараны;

4) эрезеге жете элек 4 жана андан ашык балдары бар жеке адам.

2. Жер участогуна мүлк салыгын төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:

1) кызматкерлердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмес майыптар (жалпы оорунун 3-тобундагы майыптуулугу бар адамдардан тышкары) түзгөн жана алардын эмгек акысы эмгек акынын жалпы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөн майыптар коому, уюм жана жеке ишкер. Аталган уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;

2) (КР 2025-жылдын 12-февралындагы N 37 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган диний уюмдардын табынуу объекттеринин жерлери.

Ушул бөлүктүн максатында табынуу объекттери болуп динге биргелешип табынуу жана жайылтуу максатында түздөн-түз ырасымдарды, сыйынууларды жасоо үчүн диний мекемелердин кыймылсыз мүлк объекттери таанылат;

4) жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жерлери.

5) футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдар.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [410-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-410)  
Кийинки берене: [412-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-412)
