# 410-берене. Жер участокторун салык салуудан бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-410>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-410.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 410-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-410

---

Эгерде бул бөлүмдө башкача каралбаса, төмөнкүлөр салык салуудан бошотулат:

1) жерлер:

а) коруктар, резерваторлор, жаратылыш, улуттук жана дендрологиялык парктар, ботаникалык жана зоологиялык бактар, коруктар, жаратылыш эстеликтери, тарыхый жана маданий маанидеги объекттер, бөлүнбөй калган запастагы жерлер, мамлекеттик чек араны бойлой жайгашкан көзөмөл тилкеси ээлеген жерлер;

б) коргоочу токой, суу жана токой фонддору ээлеген калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы;

в) айыл чарба багытындагы пайдалануу үчүн берилгендерди кошпогондо, байланыш жолдору, республикалык жана жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорунун боюндагы тилкелер;

г) айыл чарба багытында пайдалануу үчүн берилгендерди кошпогондо, продукт өткөргүч жана байланыш линияларынын алдындагы;

д) айыл чарба багытында пайдалануу үчүн берилгендерди кошпогондо, суу сактагычтардын жана суу ташкындуу зоналардын, электр энергиясын өндүрүү же берүү үчүн колдонулуучу электр линияларынын алдындагы;

2) көрүстөндөрдүн жерлери;

3) мал айдоочу жана мал топтоочу аянтчалар;

4) жергиликтүү кеңештер белгилеген мөөнөткө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, ошондой эле жеке адамдар тарабынан айыл чарба муктаждыктары үчүн алынган, рекультивациялоону талап кылган, бузулган (деградацияланган, топурак кыртышы жана жердин башка сапаттык көрсөткүчтөрү бузулган) жерлер.

---

Мурунку берене: [409-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-409)  
Кийинки берене: [411-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-411)
