# 409-берене. Имаратка, курулмага жайга мүлк салыгы боюнча жеңилдиктер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=44293..45757>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-409>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-409.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 409-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-409

---

1. Төмөнкүлөр салык салууга жатпайт:

1) ушул объекттин менчик ээсине таандык болгон турак жай имаратына же жайга, төмөнкүдөй өлчөмдөн ашпаган бир гана мүлк объектинин аянты:

| Айыл аймактарында жана шаарларда калктын санына жараша мүлккө салык салынбоочу турак жай же имарат объектинин аянты, ч.м |  |  |  |  |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| миң адам | 5ке чейин | 5тен 10го чейин | 10дон 20га чейин | 20дан 50гө чейин | 50дөн 100гө чейин | 100дөн 200гө чейин | 200дөн 500гө чейин | 500 жана андан ашык |
| Турак үй, дача үй, ч.м. | 360 | 330 | 300 | 270 | 240 | 210 | 180 | 150 |
| Батир, ч.м | 290 | 260 | 230 | 200 | 170 | 140 | 110 | 80 |

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн имараттары, жайлары;

3) кызматкерлердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмес майыптар (жалпы оорунун 3-тобундагы майыптуулугу бар адамдардан тышкары) түзгөн жана алардын эмгек акысы эмгек акынын жалпы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөн майыптар коомдорунун, уюмдарынын жана жеке ишкерлердин имараттары. Аталган уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;

4) илим, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт, эмгекке жарамсыз жарандарды, аз камсыз болгон жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү социалдык камсыздоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдардын, ошондой эле кайрымдуулук уюмдарынын имараттары жана жайлары;

5) (КР 2025-жылдын 31-июлундагы N 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6) (КР 2025-жылдын 31-июлундагы N 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7) футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдардын менчигинде турган жана футболду уюштуруу жана өнүктүрүү максатында гана пайдаланылган имараттар, курулмалар жана жайлар.

1-1. Мекендеш статусун алган жана мекен-картка ээ болгон чет өлкөлүк жарандарды кошпогондо, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн бошотуулар чет өлкөлүк жарандарга жайылтылбайт.

2. Төлөнүүгө тийиш болгон мүлк салыгынын суммасынын 50 пайыз өлчөмүндө салык төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:

1) Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган "Кыргыз Республикасынын Баатыры", Советтер Союзунун жана Социалисттик Эмгектин Баатыры, баатыр эненин, Даңк жана үч даражадагы Эмгек даңкы ордендери менен сыйланган адамдын, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун жана/же майыбынын, Баткен окуяларынын катышуучусунун, Афганистандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча катышкан аскер кызматчысынын же болбосо СССРди, Кыргыз Республикасын коргоодо же аскер кызматынын башка милдеттерин аткарууда алган жаракаттын, контузиянын же мертинүүнүн кесепетинен, же болбосо фронтто болушуна байланышкан оорунун кесепетинен майып болгон аскер кызматчыларынын ичинен майыптын, аскер кызматчыларынын көрсөтүлгөн категорияларына пенсиялык камсыздоо боюнча теңештирилген майыптын, Улуу Ата Мекендик согуштун майыбынын жесиринин же жесилинин, ошондой эле I жана II топтогу майыптын менчигинде турган бир турак жай имараты же бир жайы;

Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 12-февралындагы N 37 Мыйзамы менен берилген берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна киргизилген өзгөртүүлөр, 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

2) айыл чарба кооперативинин негизги ишинин максатында пайдаланылуучу айыл чарба кооперативинин менчигинде же убактылуу пайдалануусунда турган имараттар, жайлар жана курулмалар;

3) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган энергиянын жана ресурстардын натыйжалуулугунун талаптарына жооп берген имараттар, жайлар жана курулмалар.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жеңилдиктер төмөнкүлөргө берилет:

1) учурдагы салыктык мезгилдин 1-августуна чейин жеңилдикке укугу пайда болгондо - учурдагы салыктык мезгилге;

2) учурдагы салыктык мезгилдин 1-августунан кийин жеңилдикке укугу пайда болгондо - учурдагы салыктык мезгилден кийинки салыктык мезгилге.

3-1. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда жана 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган жеңилдиктер ишкердик максаттарда пайдаланылуучу, ошондой эле курорттук-рекреациялык зоналардын аймактарында жайгашкан турак жай имараттарына жана жайларга карата колдонулбайт.

4. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Күрөөгө коюлган, банктын менчигине кабыл алынган мүлк, ушул мүлк банктын менчигине өткөрүлүп берилген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып мүлк объекти банк тарабынан ишкердик максаттарда пайдалана баштаган же сатылган айдан кийинки айдын биринчи күнүнө чейинки мезгилге ушул окуялардын кайсынысы эрте болгонуна жараша салык салуудан бошотулат.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [402-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-402)  
Кийинки берене: [410-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-410)
