# 401-берене. Айыл чарба жерлерине мүлк салыгын эсептөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 52-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=13809..27071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-401>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-401.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 401-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-401

---

1. Айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участокторуна мүлк салыгын эсептөө үчүн салыктык база жер участогунун укук күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн аянты катары аныкталат.

2. Айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогунун бир чарчы метринин базалык салыктык наркы БСН, эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, участоктун багытына жараша төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:

| Облустарда жана райондордун аталышы | Базалык салык наркы (сом/чарчы метр) |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Сугат айдоо жери | Кайрак айдоо жер | Көп жылдык өсүмдүктөр | Чабындылар | Жайыттар, кысыр аңыздар |  |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
| Баткен облусу |  |  |  |  |  |
| Баткен району | 402 | 61,95 | 223,5 | \- | 11,55 |
| Лейлек району | 402 | 61,95 | 223,5 | 36,45 | 11,55 |
| Кадамжай району | 412,5 | 61,95 | 225 | 36,45 | 19,05 |
| Жалал-Абад облусу |  |  |  |  |  |
| Аксы району | 459 | 85,05 | 289,5 | 23,85 | 20,4 |
| Ала-Бука району | 459 | 61,95 | 306 | 33,75 | 14,85 |
| Базар-Коргон району | 621 | 61,95 | 330 | 46,35 | 23,1 |
| Ноокен району | 621 | 61,95 | 289,5 | 36,6 | 23,1 |
| Сузак району | 621 | 61,95 | 330 | 46,35 | 23,1 |
| Тогуз-Торо району | 334,5 | 93,45 | \- | 49,5 | 19,35 |
| Токтогул району | 358,5 | 93,45 | 301,5 | 45,6 | 19,35 |
| Чаткал району | 291 | 93,45 | \- | 39,75 | 19,35 |
| Ысык-Көл облусу |  |  |  |  |  |
| Ак-Суу району | 559,5 | 131,25 | 259,5 | 45,6 | 15,9 |
| Жети-Өгүз району | 457,5 | 112,35 | 252 | 35,7 | 11,55 |
| Ысык-Көл району | 420 | 102,9 | 232,5 | 35,7 | 11,55 |
| Тон району | 354 | 58,8 | 178,5 | 30,6 | 10,65 |
| Түп району | 568,5 | 131,25 | 261 | 43,65 | 22,5 |
| Нарын облусу |  |  |  |  |  |
| Ак-Талаа району | 307,5 | 55,5 | \- | 37,65 | 6,75 |
| Ат-Башы району | 286,5 | 81,45 | \- | 32,55 | 6,75 |
| Жумгал району | 294 | 55,5 | \- | 37,65 | 6,75 |
| Кочкор району | 322,5 | 55,5 | \- | 37,65 | 6,75 |
| Нарын району | 294 | 81,45 | \- | 31,65 | 7,95 |
| Ош облусу |  |  |  |  |  |
| Алай району | 348 | 93,45 | \- | 41,55 | 7,95 |
| Араван району | 654 | 61,95 | 339 | 22,8 | 19,05 |
| Кара-Кулжа району | 348 | 93,45 | 175,5 | 41,55 | 7,95 |
| Кара-Суу району | 679,5 | 61,95 | 369 | 41,85 | 18 |
| Ноокат району | 619,5 | 93,45 | 349,5 | 41,7 | 19,05 |
| Өзгөн району | 619,5 | 93,45 | 352,5 | 50,55 | 20,85 |
| Чоң-Алай району | 274,5 | \- | \- | 31,65 | 8,25 |
| Талас облусу |  |  |  |  |  |
| Бакай-Ата району | 477 | 78,75 | 246 | \- | 11,1 |
| Айтматов району | 525 | 54,6 | 247,5 | 16,8 | 7,2 |
| Манас району | 496,5 | 54,6 | 249 | 16,8 | 7,2 |
| Талас району | 445,5 | 78,75 | 246 | 16,5 | 7,2 |
| Чүй облусу |  |  |  |  |  |
| Аламүдүн району | 600 | 84,75 | 313,5 | 34,65 | 16,2 |
| Жайыл району |  |  |  |  |  |
| 1) Чүй зонасы | 493,5 | 101,85 | 319,5 | 30,6 | 16,2 |
| 2) Суусамыр зонасы | 283,5 | 51,75 | \- | 16,95 | 15 |
| Ысык- Ата району | 600 | 111,3 | 319,5 | 44,55 | 16,2 |
| Кемин району | 531 | 120,75 | 316,5 | 44,55 | 16,2 |
| Москва району | 588 | 100,8 | 322,5 | 44,55 | 11,7 |
| Панфилов району | 543 | 100,8 | 322,5 | 34,65 | 11,7 |
| Сокулук району | 610,5 | 100,8 | 316,5 | 20,85 | 11,7 |
| Чүй району | 600 | 112,35 | 316,5 | 48,6 | 16,2 |

Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамы менен берилген берененин 2-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр, 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

3. Шаардын же калктуу конуштун аймагында жайгашкан айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогунун бир чарчы метринин базалык салыктык наркы, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган, мындай шаар же калктуу конуш жайгашкан административдик район үчүн колдонулуучу базалык салык нарктын өлчөмүндө аныкталат.

4. Көлмөнүн бир чарчы метринин базалык салыктык наркы көлмө жайгашкан административдик райондун сугат айдоо жери үчүн ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган базалык салыктык нарктын өлчөмүндө аныкталат.

5. Насостук станциялар менен сугарылуучу жер участогунун бир чарчы метринин базалык салыктык наркы ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган, тийиштүү административдик райондун кайрак айдоо жерлери үчүн базалык салыктык наркынын өлчөмүндө белгиленет.

6. Айыл чарба максаттары үчүн ижарага берилген токой фондунун жер участогунун бир чарчы метринин базалык салыктык наркы ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген тиешелүү административдик райондун айыл чарба жерлеринин бир чарчы метринин базалык салыктык наркына теңдештирилет.

Ушул бөлүктүн максатында токой фондунун жерлеринин категориялары тиешелүү түрдө айыл чарба жерлеринин төмөнкү категорияларына теңдештирилет:

| Айыл чарба жерлери | Токой фондунун жерлери |
| --- | --- |
| Айдоо сугат жерлери | Плантациялар, питомниктер |
| Кайрак айдоо жерлери | Жыштыкты түзбөгөн токой жерлер, кыюу жерлери, өрт алган жерлер, сейрек дарактуу жерлер, ачык жер аянтчалары, ээн жерлер |
| Көп жылдык өсүмдүктөр | Токой өсүмдүктөрү каптаган жерлер |
| Чабындылар | Токой эмес жерлер |

7. Учурдагы салык мезгилинде айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогуна мүлк салыгын эсептөө үчүн колдонулган инфляциянын Ки коэффициенти улуттук статистиканын мурунку жылдагы расмий маалыматтарынын негизинде өткөн салык мезгилинин 1-октябрынан кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.

8. Учурдагы салыктык мезгилге инфляциянын коэффициенти белгиленбеген учурларда, ал мурунку салыктык мезгилде колдонулган коэффициентке барабар болуп кабыл алынат.

9. Айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогуна же анын бөлүгүнө мүлк салыгынын суммасы ушул Кодекстин 380-беренесинде каралган формула боюнча аныкталат.

(КР 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [400-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-400)  
Кийинки берене: [402-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-402)
