# 387-берене. Турак жай имаратына жана жайга салыктык базаны аныктоонун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 50-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-387>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 387-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-387

---

1. Эгерде салык төлөөчүнүн турак жай имараттарына жана жайларына таандык бирден көп мүлк объекти болсо, мындай мүлк объекттеринин бири боюнча салыктык база ушул Кодекстин 409-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген жеңилдикти эске алуу менен аныкталат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн имарат же жай боюнча мүлк салыгын эсептөө үчүн салыктык база ушул Кодекстин 376 жана 377-беренелерине ылайык аныкталган салыктык базанын жана ушул Кодекстин 409-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык салык салуудан бошотулган аянттын өлчөмүнүн ортосундагы оң айырма катары аныкталат.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган салыктык базаны эсептөөнүн жыйынтыгында алынган айырма терс мааниге ээ болгон учурда, ушул турак жай имараты же жай боюнча турак жай мүлк объектине карата түзгөн салыктын суммасы нөлгө барабар деп таанылат, ал эми терс айырма башка имараттар же жайлар боюнча мүлк салыгын эсептөөдө эсепке алынбайт.

(КР 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [386-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-386)  
Кийинки берене: [388-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-388)
