# 386-берене. Турак жай мүлк объектине салыкты эсептөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 50-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-386>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-386.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 386-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-386

---

1. Ушул беренеге ылайык турак жай мүлк объектине салыкты эсептөө тартиби төмөнкүлөргө колдонулат:

1) турак жай имаратын же жайын же анын ишкердик максатта пайдаланылган бөлүгүн, ошондой эле курорттук-рекреациялык зоналардын аймагында жайгашкан турак жай имаратын же жайын кошпогондо, турак жай фондуна таандык имаратка же жайга;

2) үйдүн жанындагы, короонун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участогуна.

2. Турак жай мүлк объектине салыкты эсептөө үчүн салыктык база төмөнкүдөй аныкталат:

1) турак жай имараты же жай үчүн - кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунда көрсөтүлгөн ички ченөө боюнча мүлк объектинин жалпы аянтынын өлчөмү жөнүндө маалыматтардын негизинде;

2) үйдүн жанындагы, короонун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участогу үчүн - укук күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн жер участогунун аянты катары.

3. Эгерде үйдүн жанындагы, короонун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участогу же анын бир бөлүгү ишкердик максаттарда пайдаланылса, бул жер участогуна же анын бир бөлүгүнө мүлк салыгы ушул Кодекстин 51-главасына ылайык эсептелет.

4. Көп батирлүү үйлөрдүн үйдүн жанындагы, короонун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участогу боюнча турак жай мүлк объектине салык төлөө боюнча милдеттенме турак жай жана турак жай эмес жайлардын ээлерине турак жай жана турак жай эмес жайлардын ээлеринин жалпы мүлкүндөгү алардын үлүшүнө пропорциялуу түрдө жүктөлөт.

Көп батирлүү үйдүн турак жай жана турак жай эмес жайларынын ээлеринин мүлкүн башкарууну башкаруучу компанияларга, башкаруучуларга, турак жай ээлеринин шериктештигине, кондоминиумдарга же турак жай-эксплуатациялык кооперативдерге өткөрүп берүүдө үйдүн жанындагы, короонун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участогуна турак жай мүлк объектине салык төлөө боюнча милдеттенме башкаруучу компанияларга, башкаруучуларга, турак жай ээлеринин шериктештигине, кондоминиумдарга же турак жай-эксплуатациялык кооперативдерге жүктөлөт.

5. Турак жай мүлк объектине салыктын суммасы ушул Кодекстин 380-беренесинде каралган формула боюнча аныкталат

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [385-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-385)  
Кийинки берене: [387-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-387)
