# 385-берене. Мүлк салыгы боюнча маалыматка жеткиликтүүлүк

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 49-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-385>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-385.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 385-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-385

---

1. Ар бир салык төлөөчү салыкты эсептөө боюнча маалыматты эркин алуу укугуна ээ, ал төмөнкүлөрдү камтыйт;

1) айыл чарба жерлерине таандык жер участогунун бирдигинин базалык салыктык наркы;

2) салыктын суммасын эсептөө үчүн белгиленген коэффициенттердин өлчөмүн;

3) (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) мүлк салыгы салынбаган мүлк объекттин аянтынын өлчөмүн;

5) салыктын ставкаларын.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалымат салык төлөөчүнү тааныштыруу үчүн бардык деңгээлдеги салык кызматынын органдарында ачык жеткиликтүү жайларда, ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органынын ачык веб-сайтында жайгаштырылат

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [384-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-384)  
Кийинки берене: [386-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-386)
