# 3831-берене. Отчет берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 49-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=44293..45757>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-3831>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-3831.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 3831-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-3831

---

1. Мүлк салыгын төлөөчү мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган же салык салуудан бошотулган субъектке таандык (пайдалануусунда турган), пайдаланууга (ижарага) берилген турак жай эмес мүлк объектине карата учурдагы салык мезгили үчүн маалыматтык эсепти учурдагы салык мезгилинин 1-мартынан кечиктирбестен берүүгө милдеттүү.

2. Эгерде ушул беренеде белгиленген турак жай эмес мүлк объектине салык төлөө боюнча милдеттенме учурдагы салык мезгилинин 1-мартынан тартып аягына чейинки мезгилде келип чыкса, салыктын суммасын эсептөө жөнүндө маалыматтык эсеп учурдагы салык мезгилинин тиешелүү кварталынын үчүнчү айынын 20сынан кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.

3. Маалыматтык эсептин формасы жана аны толтуруу жана берүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.

4. Министрлер Кабинети ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн негизинде отчет берүүнүн башка тартибин аныктай алат.

(КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [383-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-383)  
Кийинки берене: [384-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-384)
