# 383-берене. Салык милдеттенмелери пайда болгон дата

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 49-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-383>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-383.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 383-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-383

---

1. Мүлк салыгына салык милдеттенмеси төмөнкү учурларда пайда болот:

1) салык салуу объектин сатып алган салыктык мезгилде - ушул мүлк объектине менчик/пайдалануу укугу пайда болгон айдан кийинки айдын биринен тартып.

2) кийинки салыктык мезгилдерде - салыктык мезгилдин биринчи айынын биринен тартып.

2. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, жаңы курулуш объекти же анын бөлүгү боюнча мүлк салыгы боюнча салык милдеттенмеси, объектти эксплуатацияга кабыл алган же объектти пайдалана баштаган учурда, бул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша башталган айдан кийинки айдын биринен тартып пайда болот.

3. Реконструкциялоо объекти же анын бөлүгү боюнча жаңы салык салынуучу нарк жана/же салыктык база боюнча мүлк салыгы боюнча жаңы салык милдеттенмеси, объектти же анын бөлүгүн эксплуатацияга кабыл алган же объектти пайдалана баштаган учурда, бул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша объектти пайдалануу башталган айдан кийинки айдын биринен тартып пайда болот.

4. Объектти реконструкциялоо жүргүзүү себеби боюнча имаратты, жайды же анын бөлүгүн пайдалануу токтотулган учурда, реконструкциялоо боюнча иштерди жүргүзүү мезгилинде мүлк салыгы реконструкциялоо боюнча иштер башталган айдан кийинки айдын биринен тартып бул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша ушул объект эксплуатацияга берилген же пайдаланыла баштаган айдан кийинки айдын бирине чейин кошуп эсептелбейт.

5. Эгерде жаңы курулуштун объекти болуп саналган көп батирлүү турак жай эксплуатацияга берилсе, бирок бардык батирлер же жайлар сатыла элек болсо, ар бир батир же жай боюнча менчик ээсинде/пайдалануучуда өзүнчө ушул батирди же жайды саткандан, пайдаланууга киргизилгенден же пайдалана баштагандан кийинки айдын биринен тартып бул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша мүлк салыгы боюнча салык милдеттенмеси пайда болот.

6. Эгерде жаңы курулуштун объекти болуп саналган көп батирлүү турак жай эксплуатацияга бериле элек болсо, бирок батирлер же жайлар сатылып кетсе же пайдаланылып жаткан болсо, ар бир батир же жай боюнча менчик ээсинде/пайдалануучуда өзүнчө ушул батирди же жайды саткандан же пайдалана баштагандан кийинки айдын биринен тартып, бул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша мүлк салыгы боюнча салык милдеттенмеси пайда болот.

7. Мүлк объектине менчик укугун өткөрүп берүүдө, мүлк объектине ээлик кылуунун жана/же пайдалануунун иш жүзүндөгү мезгили үчүн төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы ушул укукту өткөрүп берген салык төлөөчү тарабынан укуктарды мамлекеттик каттоо күнүнө чейин же ошол күнү бюджетке төгүлүүгө тийиш. Мында мүлк объекттин алгачкы ээси мүлк объектине менчик укугун өткөрүп берген айдан кийинки айдын башына чейин ошол жылдын 1-январынан тартып эсептелген салыктын суммасын төлөйт.

8. Мүлк объекттин кийинки ээси мүлк объектине менчик укугу пайда болгон айдан кийинки айдын башынан берки мезгилге эсептелген салыктын суммасын төлөйт. Мүлк объекттин кийинки ээсинин мүлк салыгы боюнча салык милдеттенмеси пайда болгон дата болуп мүлк объектине менчик укугуна ээ болгон айдан кийинки айдын биринчи күнү саналат.

9. Мүлк объектине укуктарды мамлекеттик каттоодо салыктын жылдык суммасын макулдашуу боюнча тараптардын бири тарабынан бюджетке которулушу мүмкүн. Андан кийин мүлк объектине укуктарды мамлекеттик каттоодо төлөнгөн салыктын суммасы экинчи жолу төлөнбөйт.

Тиешелүү жыл үчүн төлөнгөн салык кайтарылбайт.

10. Ушул берененин талаптарына ылайык, мүлк объектине менчик укугун мамлекеттик каттоо же катталган күнүнө чейин мүлк салыгы төлөнбөгөн учурда, толук салыктык мезгил үчүн мүлк салыгын төлөө боюнча милдеттенме менчик укугуна ээ болгон кийинки салык төлөөчүгө жүктөлөт.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [382-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-382)  
Кийинки берене: [3831-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-3831)
