# 38-берене. Салыктарды белгилөөнүн жалпы шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 38-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-38

---

1. Ушул Кодексте салык төлөөчүлөр жана салык салуу элементтери аныкталган учурда гана салык белгиленди деп эсептелет, тактап айтканда:

1) салык салуу объекти;

2) салык базасы;

3) салык ставкасы;

4) салык мезгили;

5) салыкты эсептөө тартиби;

6) салыкты төлөө тартиби;

7) салыкты төлөө мөөнөтү.

2. Салыктык жеңилдиктер ушул Кодексте каралган учурларда колдонулат.

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-39)
